Фидан Ислам дүйнөсүн Израилге курал эмбаргосу үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды
Министр Фидан Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин жыйыны жана Араб Лигасынын кезексиз саммитинде Палестина маселесине токтолду.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ислам дүйнөсүн Израилге курал эмбаргосу үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидан Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин жыйыны жана Араб Лигасынын кезексиз саммитинде Палестина маселесине токтолду.
Израилдин Газада кылып жаткан геноциддик кол салуусунун токтотулушу керектигин баса белгилеген Фидан, бул үчүн чакырыктарга кулак салган өлкөлөр менен биримдикте иш алып барышыбыз керектигин баса белгиледи.
Месжид-и Аксанын коркунучта экенин белгилеген Фидан Израилдин ашынган оңчул саясий ишмерлери, министрлери да, Месжид-и Аксанын тарыхый статусун өзгөртүү ниетин ачык билдиргенин айтты.
Бул абалдын бир гана палестиналык эмес, бүткүл мусулмандар үчүн да бир маселе экенине көңүл бурган Фидан бул маселелердин бир ооздон айтылышы керектигин, бирок мунун сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө да болушу керектигин белгиледи.
Израилдин бул согушун уланта алышы үчүн бир ууч өлкөнүн Израилге курал жана ок-дарыларды жөнөтүүнү улантканына көңүл бурган министр Фидан: «Биринчи кадам катары биз Израилге курал эмбаргосун киргизүү үчүн кысым көрсөтө алабыз. Түркия катары Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Израилге курал-жарак берүүнү токтотуу демилгесин көтөрдүк. Биз 52 өлкөдөн, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн да колдоо алдык. Биз баарыбыз бул маселе боюнча көбүрөөк жоопкерчиликти алуу үчүн эмне керек болсо, ошону кылышыбыз керек. Азыр биримдигибизди көрсөтө турган учур келди",-деп айтты.
Фидан ошондой эле БУУнун палестиналык качкындарга жардам жана иштер агенттигине (UNRWA) колдоо көрсөтүү үчүн кампаниянын башталышы керектигин белгиледи.
Хакан Фидан жолугушуунун алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.
Фидан Пакистандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед Исхак Дари, Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн, Мальдив аралдарынын тышкы иштер министри Абдулла Халил жана Египеттин тышкы иштер министри Бедр Абдулати менен өз-өзүнчө жолугушту.