Чанаккале жана Эдирнеде 132 киши кармалды
Чанаккале жана Эдирнеде чек арадан мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган 132 киши кармалды
Чанаккаленин Айважык жээгинде оливка дарактарынын арасына жашырынгандардын арасында аялдар менен балдар да болгон Афгнастан жараны 48 киши кармалды.
Мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган кишилер менен бирге бир кайык да колго түшүрүлдү. Мыйзамсыз жолдор менен чек арадан өтүүгө аракет кылган кишилер өлкөдөн чыгарылуу үчүн Айважык коопсуздук директорлугунун чет элдиктерди кайра кайтаруу борборуна алып барылды. Абанын шамалдуу болушу менен деңизге чыга алышпагандары белгиленди. Эдирнеде да чек арадан мыйзам тышы жолдор менен өтүүгө аракет кылган Мьянма, Сирия жана Афганстан тектүү 84 киши кармалды. Кармалган кишилер Эдирне коопсуздук директорлугунун чет элдиктер бөлүмүнө алып барылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.