Эрдоган Албанияга барат

Президент Эрдогандын аймактын калкына кайрылуусу күтүлүүдө.

272571
Эрдоган Албанияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн Албанияга бир күндүк иш сапары менен барат.
Президент Эрдоган борбор калаа Тиранада Президенттик сарайында Албаниянын президенти Буяр Нишани тарабынан расмий азем менен тосулат.
Өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки лидер, биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.
Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен да жолуга турган президент Эрдоган, урматына бериле турган түшкү сый тамакка да катышат.
Түркиянын Дин иштери фонду тарабынан курула турган Тирана борбордук мечитинин пайдубалын түптөө аземине да катыша турган президент, ТИКА тарабынан оңдолгон Призе чеп мечитинин ачылышын да жасайт.
Президент Эрдогандын ачылышта аймактын калкына кайрылуусу күтүлүүдө.
Түркия-Албания Ишкердик форумуна катыша турган президент Эрдоган, кечинде өлкөгө кайтып келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар