Давутоглу Германияга аттанууда

Давутоглу Германиядагы түрктөрдү добуш берүүгө чакырат.

259294
Давутоглу Германияга аттанууда

Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу өлкө ичиндеги шайлоо өнөктүгүнө тыныгуу берип Германияга бара жатат.
Давутоглу Дюссельдорфтогу Башкы консулдуктун ачылышын жасайт. Дортмунд жана Дюссельдорфто түрк коомчулуктары менен жолугуша турган Давутоглу, шайлоолордо добуш берүүлөрү үчүн чакырык салат.
7-июнда чет өлкөдөгү мекендештер алгач ирет жалпы шайлоодо добуш беришет.
8-майда добуш берүү жөрөлгөсү баштала турган Германияда 1 жарым миллиондой шайлоочу добуш берет. Давутоглу Германиядагы түрктөр менен жолугушуусунда Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары жана Түрктөрдүн интеграциясы темаларын да күн тартипке алып чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар