Түркия парламенти эс алууга чыкты

Түркия парламенти 7-апрелде боло турган эл өкүлдөрүн шайлоого карата эс алууга чыкты.

226256
Түркия парламенти эс алууга чыкты

Түркия Улуу Улуттук Парламенти 7-апрелде боло турган жалпы шайлоого карата эс алууга чыкты.

Кечээ сүйлөшүүлөрдүн акыркы күнүндө вице-премьер Ялчын Акдоган жана саясий партиялардын фракция башчыларынын милдетин аткаруучулар ыраазычылык сөздөрүн сүйлөштү.

Ялчын Акдоган: "7-апрелдеги шайлоолордун өлкөбүз, улутубуз үчүн пайда алып келишин тилеймин"-деди.

Эң акырында парламент төрага милдетин аткаруучу Гүлдал Мумжунун сөз сүйлөөсүнөн кийин парламенттин иштери жыйынтыкталды.

Түркия Улуу Улуттук Парламенти 7-апрель жекшемби күнү боло турган 25-Сессиянын эл өкүлдөрүн шайлоого байланыштуу так жыйынтыктарынын Жогорку Шайлоо Комиссиясы тарабынан ТРТда жарыяланышынан кийин 5-күнү саат 15:00те чогулуу үчүн 7-апрелден баштап эс алууга чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар