Бүлбүл ахыскалык тектештер менен жолугушат

Өлкө тышы түрктөр жана боордош коомдор делегациясы Грузия Чыгыш мусулмандары муфтийи Ясин Алиев жана Грузия мусулмандары шейхи Рахим Игидов менен жолугушат

274548
Бүлбүл ахыскалык тектештер менен жолугушат

Өлкө тышындагы түрктөр жана боордош коомдор төрагасы доцент доктор Кудрет Бүлбүл жана коштоосундагы делегация 25 – 27 - март күндөрү Грузия жана бул өлкөдөгү Ахыска аймагына барат.
Грузия сапарынын алкагында Бүлбүл 25 - мартта Грузия диаспорасынан жооптуу мамлекеттик министр Гела Думбадзе, билим берүү жана билим министри Тамара Саникидзе жана жайгаштыруу жана качкындар министри Созар Субари менен жолугушат. Бүлбүл жана коштоосундагы делегация ошол эле күнү грузин – түрк ишкерлер коомун да зыярат кылат.
Бүлбүл Грузия программасынын экинчи күнү 2 6 - мартта Ахыска аймагын зыярат кылып бул жердеги тектештер менен жолугушат. Бул жерде Ахыска аймагынын башкаруучусу Акаки Мачутадзе менен жолугуша турган Бүлбүл Грузия жаштарына жардам жана билим берүү коомун да зыярат кылат.
Бүлбүл жана коштоосундагы Өлкө тышы түрктөр жана боордош коомдор делегациясы Грузия сапарынын үчүнчү күнүн 27 - мартта Тбилиси Юнус Эмре түрк маданий борбору жана ТИКАнын координация офисин зыярат кылгандан кийин Грузия Чыгыш мусулмандары муфтийи Ясин Алиев жана Грузия мусулмандары шейхи Рахим Игидов менен «Жума» мечитинде жолугушат. Бүлбүл ошол эле күнү Грузия мамлекеттик дин иштери агенттигинин төрагасы Заза Вашакмадзе менен жолугушкандан кийин Түркияга кайтып келет.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар