Түркиянын 44 областында сыйлык тапшырылды

Эрдоган аземде бир өлкөнүн намысы менен өнүгүү деңгээлинин ортосундагы байланышка көңүл бурду.

266375
Түркиянын 44 областында сыйлык тапшырылды

Шейит жакындары менен ардагерлер 44 областта бир убакта Мамлекеттик сыймык медалы менен сыйланышты.
Президенттик сарайдагы аземде 27 полиция кызматкери, аскер ардагери жана шейит жакындарына Мамлекеттик сыймык сыйлыгы тапшырылды.
Президент Эрдоган аземде бир өлкөнүн намысы менен өнүгүү деңгээлинин ортосундагы байланышка көңүл бурду.
Президент Эрдоган: «Бул улуттун намысын коргоо, анын өнүгүү деңгээлин жогорулатуу менен болот.
Биз, башкалар сыяктуу төш кагып, куру сөз менен, бакырып, кыйкырып эмес, мына бул көрүп турганыңыздай Түркияга иш жүзүндө кызмат кылабыз»-деп айтты.
Ошондой эле Эрдоган эскертүү да жасап, «Түркияны маңкурт, Түркияны борбордук жана чыгыш Африкадай кылгысы келгендер, Түркияны Чыгыш Европа жана Балкандын акыбетиндей кылгысы келгендер бул ниеттеринен эч качан баш тартышкан жок»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар