Президент Эрдоган Колумбияга аттанды

Эрдоган: «Орто Америка жана Кариб аймактарына басымдуу орун бөлөбүз»-деди.

214656
Президент Эрдоган Колумбияга аттанды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Латын Америка сапарынын алгачкы аялдамасы болгон Колумбияга барды.
Айрым министрлер коштоп барган Эрдоганды бул жерде Түркиянын Боготадагы элчиси Энгин Йүрүр жана Колумбиянын тышкы иштер министрлигинин жооптуулары тосуп алышты.
Президент Куба жана Мексиканы да камтый турган сапарынын алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда массалык маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берди.
Латын Америка менен алака-катыш стратегиясынын эми башып жетилгенин белилеген Эрдоган: «Орто Америка жана Кариб аймактарына басымдуу орун бөлөбүз»-деди.
Сапарда сооданы арттырууга карай таштала турган кадамдар, Мексика жана Колумбия менен уланып жаткан «Эркин соода» келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн ылдамдатылышы, Түрк аба жолдорунун аймакка түздөн-түз каттамын баштатуусуна байланыштуу уланып жаткан сүйлөшүүлөр каралып чыгат.
Аймакта түрк маданиятына жана сериялдарына кызыгуунун барган сайын артканын көргөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Сапарымдын алкагында баалуулукатрыбызды, тарыхыбызды, маданиятыбызды ылайыктуу чагылдырып, сериялдардын испан тилине которулушу жаатында айрым кадамдарды таштайбыз»-деп айтты.
Америка материгиндеги алгачкы ТИКАнын программасын координациялоочу кеңсесинин ачылышы да Мексикада жасалат.
Эрдоган маалымат жыйынынан кийин Колумбияга аттанды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар