Кызылай ирактык түркмөндөргө жардам берди

Шафак Лостар Кызылайдын Багдаддагы жардам иштеринин өзгөчө түркмөндөрдү кубандырганын белгиледи.

212236
Кызылай ирактык түркмөндөргө жардам берди

Түрк Кызылайы Ирактын борбор шаары Багдадда Мусул жана Телафер аймагындагы 300 түркмөн баш калкалоочуга азык-түлүк жардамын жеткирди.
Кызылайдын Ирактагы гуманитардык жардам боюнча жооптуу кызматкери Шафак Лостар Ирак Кызылайы менен кызматташуу аркылуу Багдад, Кербела жана Нежефтеги ирактык баш калкалоочуларга карай гуманитардык жардамдарын уланта тургандарын белгиледи.
Кызылайдын Ирактын түштүгүндөгү баш калкалоочулардын жашашы үчүн миң контейнер даярдагандарын айткан Лостар, Багдад башкаруучулугунун бул жардамга жылуу караганын сөз кылды.
Лостар Кызылайдын төрагасы Ахмет Лүтфү Акардын вице-премьер Салих Мутлак, тышкы иштер министри Ибрахим Жафери, Ирактагы Кызылай башчысы др.Ясин Аббас жана Багдад губернатору Али Мухсин аль-Темими менен болушунча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгиледи.
Шафак Лостар Кызылайдын Багдаддагы жардам иштеринин өзгөчө түркмөндөрдү кубандырганын белгиледи.
Иракта кагылышуулар башталган июнь айынан бери гуманитардык жардам иштерин жүргүзгөн Түркия, аймакка 725 жүк унаа менен жардам материалдарын алып барды. Түркия айрыкча Духокко 20 миңден ашуун баш калкалоочу жашаган эки заманбап лагерди курду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар