Түркиядан Африкага жардам

Түркия Батыш Африка өлкөлөрүнө медициналык жардам көрсөтөт.

200113
Түркиядан Африкага жардам


Түркия эбола менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында Батыш Африка өлкөлөрүнө медициналык жардам көрсөтөт.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, эбола оорусунан түздөн-түз жабыр тарткан Батыш Африкадагы дос өлкөлөр Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияга медициналык жардам жөнөтүлөөрүн билдирди.
Ушул алкакта үч өлкөгө жибериле турган 2,5 миллион лиралык медициналык материалдын биринчи бөлүгү Гвинеянын борбору Конакриге жеткирилет.
Андан соң 30-январь жума күнүнөн тарта Сьерре-Леоне жана Либерияга жөнөтүлүшү күтүлүүдө.
Тышкы иштер министрлиги эбола менен күрөшүү үчүн эл аралык жана эки тараптуу платформаларда жардамдын улана турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар