Түркия өлүмдөн качкан коңшуларына  ээ чыгууну улантууда

Куртулмуш жарандык коом мекемелерине чакыруу жасап, салым кошууну дагы да күчтөндүрүү керектигин суранды

185728
Түркия өлүмдөн качкан коңшуларына  ээ чыгууну улантууда

Түркия Сирия жана Ирактан келген баш калкалоочулардын шарттарынын жакшыртылуусу үчүн кадамдарды таштоону улантууда. Премьер – министрликте бул кадамдар каралган кенен катышуучу болгон жыйын дагы өткөрүлдү.
АФАД, Кызылай, Коопсуздук директорлугу, жандармерия жетекчилери жана бир топ министрликтен өкүлдөр катышкан «экинчи Сирия координация жыйынында» качкындардын маселелери дагы бир жолу кенен түрдө каралды. Жыйынга жетекчилик кылган вице – премьер Нуман Куртулмуш Түркиянын баш калкалоочулар үчүн каржаган акчанын 5 миллиард долларга жеткенин билдирип : «Түркия бул тармакта улуттук киреше жактан дүйнөдө биринчи орунда»,- деди.
Куртулмуш жарандык коом мекемелерине чакыруу жасап, салым кошууну дагы да күчтөндүрүү керектигин суранды. Ошол эле учурда 1 миллион 532 миң 920 баш калкалоочунун био - метрикалык каттоосу соңуна чыкты. Башкалары үчүн да иштер жүргүзүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар