Б -20лардын кезектешкен төрагасы Түркия
Түркия чоң жыйырмалардын кезектешкен төрагалыгын ылдам баштады
183910
Чоң жыйырмалар чатыры астында иш дүйнөсүнүн өкүлү болгон Б – 20 тобунун Түркия төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу чоң жыйырма өлкөлөрүнүн элчилери жана өкүлдөрү менен Анкарада жолугушту.
Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин үй ээлигинде өткөрүлгөн жыйында Хисаржыклыоглу өкмөттөр менен иш дүйнөсүнүн арасында кызматташтыктын күчтөндүрүлүшүнүн маанисине токтолду.
Хисаржыклыоглу келерки айда Жакынкы Чыгыш, Латын Америка, Африка, Түштүк Азия жана Ыракы Чыгышта удаа удаа жыйындардын өткөрүлөрүн айтты. Хисаржыклыоглу : «Чоң жыйырмалардын иш дүйнөсү канаты болгон Б – 20ны дагы да күчтөндүрүүбүз керек»,- деди.