Гутеррес : «Түркия качкындар тууралуу төңкөрүш кылды»

Гутеррес : «Бул жерде балдар мектепткетерге барышууда. Түркия бир гана жоомарт эле өлкө эмес, муну менен бирге түрк меймандостугун жана ислам салтын да көрсөтүүдө»,- деди.

175960
Гутеррес : «Түркия качкындар тууралуу төңкөрүш кылды»

БУУнун Качкындар жогорку комиссары Антонио Гутеррес Анкарада улантылып жаткан 7- элчилер конференциясында элчилерге кайрылды. Түркиянын качкындар саясатында жаңы түзөтүүлөрдү жасаганын баса белгилеген Гутеррес : «Бул жерде балдар мектепткетерге барышууда. Түркия бир гана жоомарт эле өлкө эмес, муну менен бирге түрк меймандостугун жана ислам салтын да көрсөтүүдө»,- деди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Түркиянын баш калкалоочулар тууралуу тажрыйбасына басым жасады. Түркиянын өлкөгө баш калкалаган адамдарга ээ чыгуу жана аларды коргоо тууралуу абдан чоң ийгиликтерге жетишкенин белгилеген Чавушоглу : «Түрк коому да убактылуу коргоо астындагы бул баш калкалоочулардын кыйынчылыктарын бөлүштү жана аларга жардам берди»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар