Кызылай Ирак христиандарына жардам берди

Салим Сака да жардамдарынан улам Түрк Кызылайына ырахмат айтты.

163954
Кызылай Ирак христиандарына жардам берди

Кызылай Эрбилде татаал шарттарда жашаган, баш калкалаган 500 христиан үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.
Кызылайдын тобу азык-түлүк кутуларын «Saint Joseph» чиркөөсүнүн жооптууларына тапшырды.
Түрк Кызылайы башкы директорунун орун басары Минтез Шимшек жардамдардын тапшырылуу учурунда журналисттерге маалымат берип, Иракта кагылышуулар башталган июнь айынан бери баш калкалоочу абалына түшкөндөргө «Бөлүүчүлүк кылбастан» колдоо көрсөткөндөрүн айтты.
Христиан баш калкалоочуларга төртүнчү жолу жардам бергендерин сөз кылган Шимшек, «Каалаганыбыз бул жерде эч ким жардамга муктаж болбосун. Эң кыска мөөнөттө бул жердеги баш аламандыктар соңуна чыгат жана адамдар нормалдуу турмуштарына кайтышат»-деди.
Чиркөөнүн жооптуусу Салим Сака да жардамдарынан улам Түрк Кызылайына ырахмат айтты. Сака колдоонун уланышын каалагандарын сөз кылды.
Аймакта тынчтык жана ынтымактын түзүлүүсүнө Түркиянын салым кошууларын күткөндөрүн белгилеген Сака: «Түркиянын Иракта саясий салмагы бар. Бул саясий салмакты тынчтык жана ырааттуулктун камсыздалышы үчүн колдонуусун үмүт кылабыз. Айрыкча бөлүүчүлүк кылынбастан бизге дагы бир жолу жардам бергени үчүн Түркия калкына жана өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.
Ирактын Түркмөн тарабынын эл өкүлү Айдын Маруф болсо Түркия аймакка бардыгы 600дөн ашуун жүк унаа менен жардам материалын жибергенине көңүл бурду.
Бир тараптан Кызылай тобу, Эрбилде арасында Түркмөн жана Йезидилер да орун алган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар