Дүйнөнүн ар тарабында жабыр тарткандарга жардам беребиз

Давутоглу Түркиянын дүйнөдө «глобалдык адилеттик» деп айкырган үн болгонун баса белгиледи.

163301
Дүйнөнүн ар тарабында жабыр тарткандарга жардам беребиз

Коньядагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын областтык курултайында сөз сүйлөгөн Давутоглу Палестина, Мьянма, Сомали, Сирия, Босниядан баштап дүйнөнүн кайсы жеринде адамдар жабыр тартып жатышса ошол жерге Түркиянын атынан барып жардамдар улана турганын баса белгиледи.
Өткөн аптада Македонияга барганда өзүн абдан жылуу тосуп алгандарын айткан Давутоглу: «Македонияда ар бир үйгө бирден түрк желегин, бирден «Куран-ы Керим» жана түркчө сөздүк белек кылуу убадасын бергендерин»,-айтты.
Давутоглу Түркиянын дүйнөдө «глобалдык адилеттик» деп айкырган үн болгонун баса белгиледи.
Экономикалык өнүгүүнүн кемчиликсиз улана турганына көңүл бурган Давутоглу, Түркиянын дүйнөлүк күч катары жогорулай турганын баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар