Түркия – Косова карым – катнаштары өнүгүүсүн улантууда

Түркиянын Приштине элчиси Сонгүл Озан Түркия – Косова карым – катнаштары тууралуу ТРТге баа берди

162144
Түркия – Косова карым – катнаштары өнүгүүсүн улантууда

Түркия – Косова карым – катнаштары орток тарыхый өтмүш жана достук байланыштарынын негизинде өнүгүүнү улантууда.
Түркиянын Приштине элчиси Сонгүл Озан эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын 2015 - жылы дагы да өнүгүүсү үчүн кызматташтыктардын жана жогорку деңгээлдеги саясий сапарлардын улантыларына басым жасады.
Түркиянын Приштине элчиси Сонгүл Озан тарыхый өтмүш жана күчтүү достук карым – катнаштардын негизинде өнүгүп жаткан Түркия – Косова карым – катнаштары тууралуу ТРТге баа берди.
Экономикалык тармакта 2013 – 2014 - жылы Косовада эң көп түздөн түз инвестиция салган өлкөлөрдүн арасында Түркиянын биринчи орунда экенин баса белгилеген элчи Озан бул ылдамдыкты 2015 - жылы да улантышарын айтты. Элчи Озан 2015 - жылы да карым – катнаштардын дагы да өнүгүсү жана тармактардын түрдөнүүсү жактан иш алып барышарын, айрыкча саясий сапарлардын да улантыларын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар