Түркия Ирак өкмөтүндөгү дайындоолорго ыраазы

Түркия Ирак өкмөтүндөгү кемчиликтердин толукталганына ыраазычылыгын билдирди.

163691
Түркия Ирак өкмөтүндөгү дайындоолорго ыраазы

Түркия, Ирак өкмөтүндө коргоо жана ички иштер министрликтери менен башка бош министрликтерге дайындоолор жасалышын ыраазы болуп кабыл алды.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, Ирактын өкмөт башчысы Хайдар аль-Абадинин жетекчилигинде түзүлгөн өкмөттө, коргоо жана ички иштер министрликтери менен катар калган бош министрликтерге 18-октябрда дайындоолор жасалганы эске салынды.
Анда дайындоолорго чоң ыраазычылык болгону белгиленди. Анда дайындоолордун Ирактын ичинде орун алган ИШИМ кол салуусу менен келип чыккан террор коркунучунун ашылып өтүлүшү менен катар жаңы өкмөттүн, бул коркунучтун келип чыгышына жана колдоо табышына себепчи болгон шарттарды оңдоо кадамдарын таштоосун жеңилдете турганы баса белгиленди.
«Түркия, Ирак туш болгон террор жана коопсуздук коркунучу менен күрөшүүсүндө Ирак өкмөтүнүн жана калкынын жанында болушун улантат»,-деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар