Түркия - Тунис келишими

Түркия менен Тунистин ортосунда жогорку билим берүүдө Билим берүү Кызматташтык Келишими түзүлдү

153217
Түркия - Тунис келишими

Билим берүү министри Наби Авжы Тунис Жогорку Билим берүү Илимий Изилдөө информациялык – коммуникациялык технологиялар министри Тауфик Желассини кечээ кызмат орундугунда кабыл алды. Басма сөзгө жабык өткөрүлгөн жолугушуудан кийин эки министр кызматташтык келишимине кол койду.
Билим берүү министри Наби Авжы : «Ушундайча Түркия менен Тунистин ортосундагы чоң потенциалдарды турмушка ашыруубузга мүмкүнчүлүк түзө турган бир келишим пайдубалын түптөдүк»,- деди. Тунистин министри болсо Түркия менен Тунистин ортосунда билим берүү кызматташтыгын түзүүдөн бактылуу экенин айтты. Келишимге караганда мамлекет жана фонд университеттеринин ортосунда түздөн түз кызматташтык колдоого алынат. Келишим менен тараптардын ортосунда жогорку билим берүү мекемелериндеги мугалимдер жана иликтөөчүлөрдүн арасында тажрыйба алмашуулар болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар