Бодрумда мыйзамсыз көчмөндөр кармалды

Алынган маалыматка караганда чет элдик бир уюштуруучунун изилденип жатканы билдирилди

152997
Бодрумда мыйзамсыз көчмөндөр кармалды

Мугланын Бодрум районунда жүргүзүлгөн эки башка операцияда мыйзам тышы жолдор менен Грецияга өтүүнү каалаган 38 көчмөн кармалды. Грециянын Истанкөй аралына өтүүгө аракет кылган көчмөндөрдөн 27 киши Битез жээгинен кемеге түшүп жатканда кармалды. Бодрум райондук коопсуздук директорлугуна караштуу топтор Иран, Палестина, Сирия жана Ирак тектүү жалпы 27 кишини камоого алды. Экинчи окуя болсо Гүмбат жакындарында болду. Күзөттө турган Бодрум жээк коопсуздук кемеси түнкү сааттарда шектүү бара жаткан кемени токтотту.  Кемени текшерүүгө алган топтор бирөөсү бала болгон 11 сириялыкты камоого алды. Кармалган кишилер коопсуздук текшерүүдөн өткөндөн кийин саламаттыкты текшерүүдөн өтүп чет элдиктер филиалынын директорлугуна жиберилди. Алынган маалыматка караганда  чет элдик бир уюштуруучунун изилденип жатканы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар