Түркия палестиналыктарга колдоо көрсөтөт

Президент Эрдоган Махмуд Аббас жана Халид Мешал менен телефон аркылуу сүйлөштү.

151830
Түркия палестиналыктарга колдоо көрсөтөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана Хамастын саясий кеңсесинин башчысы Халид Мешал менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин маалыматына караганда сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Газа менен катар Палестинадагы акыркы кырдаал каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган телефон сүйлөшүүлөрүндө 1967-жылдагы чек ара келишимдеринин негизинде борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекети түзүлгөндө гана аймакта туруктуу тынчтык орноп, Израилдин кысымы токтошу мүмкүн экенин баса белгиледи.
Президент Эрдоган Израилдин Чыгыш Иерусалимде 2 миң 610 турак жай салуу чечими менен катар Иерусалимде мусулмандарга карата жүргүзгөн операцияларын да айыптаганы белгиленди.
Аббас менен Мешал да Израиль полициясы жана еврей тургундары себепчи болгон чыңалуунун орчундуу тынчсыздануу жаратканын айтышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар