Президент Эрдоган Байден менен сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын вице – премьер Жо Байден менен кечээ телефон аркылуу сүйлөштү

149409
Президент Эрдоган Байден менен сүйлөштү

 Эрдоган – Байден сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге Сирия жана Ирактагы акыркы абалдардын каралганы билдирилди. Эки союздаш өлкө катары аймакта биргелеше стратегия түзүүнү улантуунун мааниси баса белгиленген сүйлөшүүдө ИШИМ башта болуу менен террор менен биргелеше күрөшүү темасынын да каралганы белгиленди.
Президент Эрдогандын Американын вице – премьери Байдендин Нью – Йорктогу кабыл алысуу учурунда күн тартибине келген качкын маселеси да сүйлөшүүдө каралган темалардын арасынан орун алды.
Байден Кобани башта болуу менен хаос чөйрөсүнөн качкан качкындарга кучак ачуусунан жана жардам колун узатуусунан улам Түркиянын колдоого алынганын белгиледи.
Президент Эрдоган да болуп жаткан бул трагедияны чечүү үчүн Сирияда учууга тыюу салынган аймактын жарыялануусу жана чек арада Сирия жерлеринде коопсуз аймактын түзүлүшүнүн маанисине көңүлдөрдү бурду. Ирак менен бирге Сирияда да коопсуздук жана ырааттуулуктун кайрадан түзүлүшүнүн мааниси да белгиленген сүйлөшүүдө Түркия жана АКШнын бул тууралуу дипломатиялык, аскердик кызматташтыкты улантуусу боюнча макулдашышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар