«Түркия бардык сценарийлерге даяр»

Премьер – министр аймактагы окуялардан эң көп Түркиянын таасирленгенин белгиледи

148476
«Түркия бардык сценарийлерге даяр»

Премьер – министр Ахмет Давтуоглу сарайда коопсуздук жыйынынан кийин телекөрсөтүү каналында күн тартибине байланыштуу маанилүү билдирүү жасады. Премьер – министр Давутоглу парламентте кабыл алынган документтин бириктирилүүсү менен дагы ылдам кыймыл кылууну максат кылышкандарын белгиледи. Жаңы бир конъюнктура менен бетме – бет келбегенин айткан Давутоглу : «Бар болгон документтер бүгүнкү шарттарга ылайыкташтырылды»,- деди. Давутоглу аймактагы абалдардын чечилүү процессине тескери таасирин тийгизбей турганын белгиледи. Премьер – министр Давутоглу Сүлейман Шах күмбөзү тууралуу да бардык чаралардын көрүлгөнүн белгилеп, Түркиянын бардык сценарийлерге даяр экенин баса белгиледи. Премьер – министр аймактагы окуялардан эң көп Түркиянын таасирленгенин белгилеп, учууга тыюу салынган аймактын түзүлүшү керектигин айтты. Антнпесе ИШИМге каршы жасала турган операциялардан кийин Сирия режиминин Халеп башта болуу менен бир топ шаарды бомбалай турганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар