Дмитрий Песков түрк ишкерлери менен жолугушту
Песков маегинде Украинадагы абалдарды Гези паркындагы окуялар менен байланыштырды
Орусиянын президенти В. Путиндин катчысы Дмитрий Песков Орусияда жашаган түрк ишкерлеринин коногу болду. Түрк тилинде сүйлөгөн Песков Украина кризисинен, АКШ менен болгон маселелер, Түркия менен карым – катнаштардан санкцияларга чейинки бир топ темага токтолду. Дмитрий Песков түрк ишкерлери менен бир сааттан ашуун убакыт маектешти.
Песков маегинде Украинадагы абалдарды Гези паркындагы окуялар менен байланыштырды. Тыгыз иш алып барганына карабастан Түркияга жана түркчөгө убакыт бөлгөнүн белгилеген орус катчы түрк – орус карым – катнаштарынын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн аракет кылышкандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.