Түркия Парламентинде уруксат документине добуш берилди

Парламентте уруксат документинин мөөнөтү бир жыл деп белгиленди.

147141
Түркия Парламентинде уруксат документине добуш берилди

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин 24-мезгил 5-мыйзам чыгаруу жылы башталды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы мыйзам чыгаруу жылынын ачылышында алгач ирет эл өкүлдөрүнө кайрылды.
Аймактагы орчундуу абалга кайдыгер кала албай тургандарын белгилеген президент Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрүнө чек аранын сыртына кыймыл жасоо жоопкерчилигин камтыган Парламентте сүйлөшүлө турган уруксат документине ушул түшүнүктүн айланасында баа берилиши керектигин каалады.
Парламент төрагасы Жемил Чичек жаңы мыйзам чыгаруу жылынын сунуш сөзүндө террордук уюмдарга наалат айтты.
«Биз уккан жана укпаган бардык террордук уюмдар адамзаттык тарыхынын эң кандуу кыймылдарын аесуз түрдө жүргүзүүдө»-деген Чичек, эл аралык коомчулуктун бул темада абдан шашылыш чечим чыгарышы керектигин белгиледи.
Президент Эрдоган кечинде Парламенттин ачылыш сый тамагына катышып, Сириянын Түркияга караштуу «Сулейман шах» күмбөзүнүн террор уюуму тарабынан курчалганы оюуна байланыштуу, «Бардыгы жасалма нерселер.Кандайдыр бир нерсе болсо, Түркиянын таштай турган кадамдары белгилүү»,-деди.
Бир тараптан Ирак жана Сирия документи, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагалыгына сунушталды.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинде бүгүн сүйлөшүлө турган документтин мөөнөтү, бир жыл деп белгиленди.
Документке карата оппозициячыл партиялардын мамилеси такталды.
Улуттук кыймыл партиясы (MHP) «макул», Жумурият элдик партиясы( CHP) менен Халкларын демократиялык партиясы (HDP) «каршы» деген добуштарын беришти.
Жумурият элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу, «Аскердин, чет өлкөнүн жерлерине киришин каалабайбыз»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар