Түркия группасынын жеңилгис лидери

Курама команда үчүнчү матчтан да жеңиш менен чыкты

145512
Түркия группасынын жеңилгис лидери

Дүйнөлүк аялдар баскетбол чемпиондугунун Б группасында чейрек финалды гарантияга алган Түркия Анкарадагы матчта Мозамбикти 64 – 54 эсебинде утуп алган. Бул жыйынтык менен курама команда үчүнчү матчында да жеңиш менен чыкты. Түркия бул жыйынтык менен Б группасынын жеңилгис лидери болду. Мозамбик болсо группада акыркы орунду алды.
Жаштык жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч А улуттук курама аялдар баскетбол командасын куттуктады. Дүйнөлүк аялдар баскетбол чемпиондугунда группа матчтарынын соңуна чыгуусу менен түздөн түз чейрек финалга жогорулаган 4 команда менен чейрек финал үчүн тандоо матчтары ойноло турган командалар да белгилүү болду. Андан мурда чейрек финалда ойноону гарантияга алган Б группасынын биринчиси Түркия жана Д группасынын биринчиси АКШдан кийин А группасын биринчи болуп бүтүргөн Испания жана Ж группасында биринчи орунду алган Австралия да чейрек финалга жогорулады.
А улуттук курама аялдар боскетбол командасы Сербия – Куба беттешүүсүнүн жеңүүчүсү менен беттешет. Группаларда экинчи жана үчүнчү болгон командалар чейрек финалга жогорулоо үчүн play-off матчтарында бетме – бет келишет. Эртеңки Чех республикасы – Канада, Франция – Бразилия, Белорусь – Кытай жана Сербия – Куба матчтарынын чейрек финалга чыга турган башка 4 команданы белгилейт.
Чемпиондукта 3 – октябрь жума күнү Стамбулда боло турган чейрек финал матчтарында төмөнкү командалар беттешет:
Испания – Белорусь – Кытай матчынын жеңүүчүсү менен
Түркия – Сербия – Куба матчынын жеңүүчүсү менен
Австралия – Чех республикасы – Канада жеңүүчүсү менен
АКШ – Франция – Бразилия матчынын жеңүүчүсү менен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар