Мевлүт Чавушоглу Пан Ги Мун менен жолукту

Жолугушууда Сирия маселеси каралды.

144227
Мевлүт Чавушоглу Пан Ги Мун менен жолукту

Кооптуу аймак түзүлүүсү керек.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Нью-Йоркто кечээ БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту.
Пан Ги Мун, аймактагы коопсуздук коркунучунун Сириядагы ыраатсыздыктан келип чыкканын, мунун да бардык аймакка таасирин тийгизгенин баса белгиледи.
Тышкы иштер министр Чавушоглу да коркунучтардын кеңири стратегия менен чечилүүсү керектигин айтты.
Түркияга күн өткөн сайын улам жаңы сириялыктар кирип жатканын сөз кылган Чавушоглу, Сирияда кооптуу аймак түзүлүүсү керектигин сөз кылды.
Чавушоглу БУУдан, өлкөсүнөн качкан сириялыктар үчүн эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликти өзүнө алуусун өтүндү.
Жолугушууда Кипр маселеси да сүйлөшүлдү.
Пан Ги Мун макулдашылган темалардын дагы да илгерилетилиши керектигин айтса, Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Дервиш Эроглу жана Түркиянын чечим табуу үчүн эрктүүлүгүнүн так экенин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар