Ислам дүйнөсү ИШИМ менен эскерилбейт

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Дүйнөлүк экономикалык форумдун жабылыш отурумунда маанилүү маалыматтарды берди.

144297
Ислам дүйнөсү ИШИМ менен эскерилбейт

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Дүйнөлүк экономикалык форумдун жабылыш отурумунда сөз сүйлөдү.
Европа Биримдиги жана Европа Биримдигинин Балкандагы демократия иш-чараларын бардык жагынан жактагандарына көңүл бурган Давутоглу, «Араб жазы» деп аталган кыймыл үчүн мындай кийим бычыла албаганын баса белгиледи.
Иракта , ал эле эмес аймакта адамдардын, «Бул мусулмандар жалгыз гана таяктуу бир лидер же болбосо диктатор лидер тарабынан башкарыла алат»,-деген сыяктуу ойлоно баштагандарын белгилеген Давутоглу, мунун жашыруун бир жикчилдик болгонун баса белгиледи.
Премьер-министр Давутоглу абдан терең саясий маданиятка ээ болгон Ислам коомчулуктарынын демократияны жашатуу жана өнүктүрүү дарамети бар экенин, ошондуктан ИШИМ жана ага окшогон түзүлүштөр менен эскерилбей турганын белгиледи.
Европа Биримдигине үн салган өкмөт башчы: «Бардыгыбыз Европанын келечегин чогуу куруубуз керек»,-деди.
Европанын таштап кеткен демократиясын Жакынкы Чыгышта Түркия жактап жатканын жана жактоосун да уланта бере турганын белгилеген Ахмет Давутоглу, «Балканды, Кавказды, Кара деңизди, Булуңду жана Жакынкы Чыгышты чогулуп сүйлөшөлү. Ал эми сиз сүйлөшкөн үстөлдө биз жок болсок, сиз чыгарган токтомдорго өзүбүздү баш ийүүчү катары сезбейбиз»,-деп айтты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин да сындаган Давутоглу, 5 өлкөнүн өз ара чыңалуусу менен БУУга кандай жолтоо болуп жатканын түшүндүрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар