Тышкы иштер министри Чавушоглу Венизелос менен жолугушту

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин иштерине баа берилди

140190
Тышкы иштер министри Чавушоглу Венизелос менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Нью – Йорктогу эки тараптуу сүйлөшүүлөрү улантылууда. Чавушоглу ушунун алкагында Грециянын вице – премьери жана тышкы иштер министри Венизелос менен жолугушту.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин иштерине баа берилди. Айрыкча эки өлкөнүн ортосунда жаңылыш түшүнүүлөргө жол ачпоо үчүн дипломатиялык каналдардын ачык болушу жагдайында бирдей пикирге барылды.
Кипр маселесинин чечилүүсү үчүн эки тараптын да процесске оң салымын кошуусу керектиги баса белгиленип, аймактагы коопсуздук маселелеринин эки өлкөгө дагы аз чагылуусу үчүн кызматташтыкты түзүү боюнча макулдашылды. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Нью – Йорк жолугушууларынын негизинде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун башчылыгында уюштурулган Ливия тема болгон жыйынга да катышты. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Ливияда 17 – февраль төңкөрүшү менен демократиялык жетишкендиктердин ички баш – аламандык жана саясий ыраатсыздыктан улам жок болуу рискинин бар экенин айткан Чавушоглу Түркиянын Ливиядагы саясий өткөөл процессине берген колдоонун улантыларын айтты. Чавушоглу кенен жана бардык бөлүктөрдү камтыган саясий диалогдун баштатылышы үчүн ок атууну токтотуга чакырып Түркиянын БУУнун баш катчысынын Ливия атайын өкүлү Бернардино Леонун арачылык аракеттерин колдошкондорун айтты. Тышкы иштер министри айрыкча Вьетнам, Өзбекстан, Малайзия, Папуа Жаңы Гине жана Мьянманын тышкы иштер министрлери менен жолугушуп, Түркиянын БУУнун коопсуздук кеңешине талапкерлигине колдоо берүүсүн суранды. Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин көп тараптуу сүйлөшүүлөрүнө да катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар