Президент Эрдоган Обама менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эки лидер Түркия жана АКШнын орток стратегия менен иштөөнү улантышарын баса белгилешти

139969
Президент Эрдоган Обама менен телефон аркылуу  сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Нью – Йорктогу жолугушууларынын акыркы күнүндө эки негизги сүйлөшүүнү ишке ашырды.
Эрдоган биринчи болуп АКШнын президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөштү. Обаманын телефон чалуусу менен ишке ашкан сүйлөшүүдө ИШИМ уюму, Сирия жана аймактык темалар сөз болду. Эки лидер ИШИМ да болуу менен аймактагы террордук уюмдар менен күрөшүү жана Сирия маселеси сыяктуу темаларда Түркия жана АКШнын орток стратегия менен иштөөнү улантышарын баса белгиледи.
Эрдоган менен Обама алдыбыздагы процессте да жакын байланыш ичинде болуу тууралуу макулдашышты. Президент Эрдоган андан кийин АКШнын вице – президенти Жо Байденди кабыл алды. Эрдоган менен Байден Ирак жана Сириядагы акыркы абалдар башта болуу менен аймактык темаларга байланыштуу көз караштар билдирилди. Сүйлөшүүдө Иракта ырааттуулуктун түзүлүшүн максат кылган иштер сөз болду. Сөзү болгон иштерге Түркия жана АКШнын бирдикте салым кошуусу керектиги баса белгиленди. Сирияда жаңы бир тартип жана ырааттуулуктун түзүлүшү керектиги да күн тартибинен орун алды. Тема тууралуу аймактагы качкын маселесине чечүүчү жол табуу үчүн биргелеше иштөөнүн мааниге ээ экени баса белгиленди. Бир тараптан президент Эрдоган АКШ Соода палатасы менен түрк кызматташтык жана өнүгүү башкаруусунун төрагалыгы ТИКА уюштурган жыйынга да катышты.
Түрк жана АКШлык ишкерлер жолугушкан жыйында эки өлкөнүн ортосундагы соода карым – катнаштары да сөз болду. Эрдоган Нью – Йорктогу жолугушууларынын акыркы күнүндө иш дүйнөсү жана жарандык коом мекемелеринин өкүлдөрү менен да сүйлөштү.
Кечки сааттарда Turken Foundation тарабынан уюштурулган тамакка катышкан Эрдоган басма сөзгө жабык өткөрүлгөн жыйында илимпоздор жана студенттерге кайрылды.
Президент Эрдоган жана коштоосундагы делегация менен Түркияга кайтуу үчүн Нью – Йорктон кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар