Катардын эмири Гүл жана Эрдоган менен жолукту

Өткөн аптада телефон аркылуу сүйлөшкөн Эрдоган менен Аль-Тани, Газада ок атпоо жарыя кылынышы боюнча чакырык таштаган.

131457
Катардын эмири Гүл жана Эрдоган менен жолукту

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад аль-Тани ар түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ кечинде Анкарага келди.
Президент Абдуллах Гүл менен жабык эшик артында өткөн жолугушуусунан кийин Аль-Тани премьер-министрликтин расмий үйүнө өттү.
Аль-Танинин президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен болгон жолугушуусуна Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз менен улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан да катышты.
Өткөн аптада телефон аркылуу сүйлөшкөн Эрдоган менен Аль-Тани, Газада ок атпоо жарыя кылынышы боюнча чакырык таштаган.
Бир тараптан тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу,Катардын тышкы иштер министри Халид бин Мухаммед аль-Атие менен жолукту.
Жолугушууга Катардын Анкарадагы элчиси Салим Мүбарек аль-Шафи да катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар