АТАК жана АНКА Лондондо көргөзмөгө чыкты

Эки унаа тең көрүүчүлөрдөн абдан чоң кызыгуу көрдү

131947
АТАК жана АНКА Лондондо көргөзмөгө чыкты

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы ТУСАШ Англиянын борбор шаары Лондондо уюштурулган Франборо эл аралык авиация жарманкесине түрк инженери даярдаган жергиликтүү чабуул жана тактика тик учары Т129 АТАК менен адамсыз унаа АНКАны көргөзмөгө чыгарды. Эки унаа тең көрүүчүлөрдөн абдан чоң кызыгуу көрдү.
Европада биринчи жолу учуу чыгармачылыгын көрсөткөн АТАК тик учары көргөзмө аянтында абдан чоң кызыгуу көрдү. Бул жылы 49 – өткөрүлгөн жана дүйнөнүн эң чоң жарманкесине 1500гө жакын фирма катышууда. Дүйнөнүн алдыңкы жүргүнчү учагын өндүрүүчүлөр жарманкеге тамгасын басты. Аба жолу фирмалары менен бул фирмалардын ортосунда миллион долларлык келишимге кол коюлду. Келишимдерде каржала турган акча 25 миллиард доллар болду. Франборо авиация жарманкеси 14 -20 – июль күндөрүнүн арасында уюштурулуп, акыркы үч күн гана калкка ачык болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар