Давутоглу Керри менен сүйлөштү

Давутоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керриге Түркиянын санааркоолорун билдирди.

128491
Давутоглу Керри менен сүйлөштү

Израилдин Газага карай кол салуулары Анкарадан катуу каршылык көрүп жатканда, тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу кечээ телефон дипломатиясын жүргүздү.
Давутоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керриге Түркиянын санааркоолорун билдирди.
Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Керри менен сүйлөшүүсүндө Израилдин Газага карай кол салууларынын Анкарада пайда кылган каршы чыгууларды дагы бир жолу сөз кылды.
Давутоглу менен Керри аймакка гуманитардык жардамдардын кантип жасала ала турганын да сүйлөшүштү.
Эки министр Ирактагы саясий абалдар жана Крым маселесине да токтолушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар