Эрдогандын шайлоого карата иш-чаралары уланууда

Эрдоганды аянтта жыйылган калың эл тосуп алды.

120407
Эрдогандын шайлоого карата иш-чаралары уланууда

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын президенттик шайлоо үчүн жасап жаткан иш-чаралары уланууда.
Эрдоганды аянтта жыйылган калың эл тосуп алды.
Премьер-министрдин президенттикке талапкер болуп алгачкы барган жери Самсуңда экинчи күнү дагы жемиштүү өттү. Ал жерден шаар мэри Юсуф Зия Йылмаз менен жолукту.
Өкмөт башчы, Жаник мэриясындагы ар кандай салтанаттуу ачылыш аземдерине катышып: “10-август кадимки сынак күнү эмес. Президент болуу бир гана дипломаттык жолугушууларды аткара турган милдет эмес”- деп белгиледи.
Премьер-министрдин экинчи сапары Эрзурумда уланып, бул жерде дагы жыйылган калың эл менен жолукту.
Эрдоган Эрзурумдуктардын тарыхый миссиясына ээ боло тургандыгына ишенээрин билдирди.
Эрдоган Жумхурият элдик партиясы(Схп) жана Улуттук кыймыл партиясынын (МХП) талапкерлеринин президенттик шайлоодогу иш арекеттерин сынга алып, эки партиянын ар бири өз талапкерин чыгара албагандыгын жана алардын өз алдынча саясий көз караштары жок экендигин белгиледи.
Премьер министр Эрдоган, ооз ачаар учурунда терроризмди токтотуу үчүн жасалып жаткан иш-аракеттер жөнүндө бегилеп, бул иш-арекеттерди аягына чейин чыгараарын, 77 миллион калкы бар Түркия мамлекети биримдикте жана ынтымакта жашаган мамлекет болуусуна, болгон күч аракетин жумшаарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар