Түрк куралдуу күчтөрү дагы 1 жыл Ливанда

116802
Түрк куралдуу күчтөрү дагы 1 жыл Ливанда

Түркиянын Ливанда жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Убактылуу кызмат күчүнө Түрк куралдуу күчтөрунүн элементтери менен колдоо көрсөткөн мөөнөтүнүн дагы бир жылга узартылышына байланыштуу Премьер-министрликтин уруксат документи кечээ парламенттин жалпы кеңешинде ратификацияланды.
Уруксат документинин Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы кеңешиндеги талкууланышында сөз сүйлөгөн улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, Түркиянын аймакта болуп жаткандарга кайдыгер калбай тургандыгын айтты.
Йылмаз: “Кошуналарыбыздан баштап аймакта тынчтык, коопсуздук, ырааттуулук жана өнүгүүнүн аткарылышы менен улуттук кызыкчылыктарыбыздын корголушунун арасында абдан жакын байланыш бар”,-деди. Жалпы кеңештин жыйынында кабыл алынган уруксат документи менен, Түрк Куралдуу Күчтөрунүн Деңиз кызматы күчүнө катышуусу жана бул тууралуу керектүү уюуштуруу иштеринин жасалышы үчун өкмөткө уруксат берилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар