Түркия Мусулдан келе турган кабарды күтүүдө

Кечээ тышкы иштер министрлигинде жыйындар өткөрүлдү

94540
Түркия Мусулдан келе турган кабарды күтүүдө

Тышкы иштер министрлигинде оболу Мусулдан келген бардык маалыматтарга баа берилген ички координация жыйыны өткөрүлдү. Андан кийин тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз, транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Лүтфи Элван, экономика министри Нихат Зейбекчи, Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан жана бажы министрлигинин бюрократтары тышкы иштер министрлигинде жолугушушту. Жыйында Иракта орчундуу аймактардагы түрк жаранына жетишүү желесин куруу пландалды. Жыйындан кийин 4 министр коомдук пикирге кайрылды. Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу азыркы учур үчүн Ирактан группа түрүндө адамдарды чыгаруу планынын болбогонун билдирди. Давутоглу Мусулда Ирак Дамаск Ислам Мамлекети уюму тарабынан билинбеген бир жерге алып барылган түрк жарандарынын ден соолугунун жакшы экенин айтты. Экономика министри Нихат Зейбекчи да соода карым – катнаштарынын токтотулбай турганын кабарлады. Энергетика жана жатарылыш ресурстары министри Танер Йылдыз азыркы учурдагы проектилердин улантыларын айтып, транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Лүтфи Элван да аймактан чыгаруу иштерине байланыштуу фирмалардын талаптарынын камсыздаларын бирок даярдыктын жок экенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар