Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 47

«Өзбек лидерден Орто Азияда жаңы биримдик сунушу»

855002
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 47

Түрк дүйнөсүндө болгон жаңылыктар менен тааныштырган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыздын темасы «Өзбек лидерден Орто Азияда жаңы биримдик сунушу».

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеев Орто Азия өлкөлөрүнүн аймактык башкаруучулары биримдигинин курулушун сунуш кылды. Жергилктүү массалык маалымат каражаттарында орун алган кабарларда Шавкат Мирзиеевдин бул сунушу Самаркандда өткөн «Орто Азия : улантууга боло турган өнүгүү жана орток бейкуттук үчүн кызмтаташтык» эл аралык конференциясында билдиргендиги белгиленди.

Мирзиеев мындай биримдиктин курулушунун Орто Азия мамлекеттеринин улантууга боло турган, өнүгүшүнө жол ача турган индустриялык, инвестиция жана интеллектуалдык потенциалды ортого саларын белгиледи. Буга кошумча катары Мирзиеевдин жылдын башынан бери Өзбекстандын аймакөлкөлөрү менен соода көлөмүнүн орточо 20 пайыз, кээ бирөлкөлөр менен 70 пайыздык катнашта арткандыгын билдирди. БУУнун адистеринин билдиргенине караганда Ото Азия өлкөлөрүнүн алдыбыздагы 10 жылда активдүү кызматташтык, Улуттук кирешени эң аз эки эсе арттыра алат.

Эми кезекте Түркмөнстандан кабарыбыз бар.

7. RECCA  жыйыны Ашкабатта өткөрүлдү.

2017 -  жылы 14 – 15 -  ноябрь күндөрү өткөрүлгөн «Афганстан үчүн Аймактык экономикалык кызматташтык конференциясы» RECCA Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта өткөрүлдү.  RECCAнын 7 -  жыйынынын биринчи күнүндө аралаш бизнес  - форум өткөрүлдү. Форум программасынын күн тартибинде түрдүү өлкөлөрдөн келген инвестор аялдардын жолугушуусу өттү. Бизнес  форумдун ачылышын Түркмөнстан министрлер кеңешинин төрага орун басары Оразмурат Гурбанназаров жана Афганстандын президенти Эшреф Ганинин жубайы Рула Гани аткарды. Гурбанназаров ачылуу сөзүндө RECCA платформасы жана Афганстандын ырааттуулугуна берген маани менен 7 - RECCA жыйынын өткөрүүдөн ыраазы экендерин баса белгилеп, Рула Гани да меймандостук жана эки күндүк программа үчүн Гурбанназаров жана Түркмөнстан өкмөтүнө рахмат айтты.

Форумга катышкан Афганстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Индия, Пакистан жана бахрейндикд емилгечи аялдар «Аял демилегчилер; талаптар жана кыйынчылыктар», «Аял демилгечилердин ийгилик баяны» деген темада эки отурумда сөз сүйлөштү. Тажрыйба жана сунуштарын бөлүшүштү. Афганстандын президенти Эшреф Ганинин жубайы Рула Гани да форумдун ачылышына катышып аял демилгечилерге колдоо берди. 7  - RECCA  жыйындарынын негизинде Афганстандын жана катышуучу өлкөлөрдүн соода жана өнөр жай продукцияларынын таанытылышына мүмкүнчүлүк берүү максатында Ашкабатта жарманке да ачылды. Түркмөнстан соода жана өнөр жай башкаруучулугу тарабынан өткөрүлгөн жарманкеде Түркия республикасынын Ашкабат элчилиги тарабынан да бир стенд ачылды. Түрк стендинде Түркиянын ТИКА арачылыгы менен Афганстанга берген жардамдары жана Түркияда өткөрүлгөн RECCA жыйындарынан көрүнүштөр орун алган видео да көрсөтүлдү. Түркиянын стендин Афганстандын президенти Эшреф Ганинин жубайы Рула Гани көрдү. Рула Ганиге түрк элчилигининж етекчилери тарабынан маалымат берилди.

7 -  Афганстан аймактык экономикалык кызматташтык конференциясынын министрлер деңгээлиндеги жыйыны 15 -  ноябрь шаршемби күнү өткөрүлдү.

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашит Мередовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн жыйынга Афганстандын атынан вице  - президент Сервер Даниш жана тышкы иштерминистри Селахаттин  Раббани катышты. 7 -  RECCA жыйынына Түркиядан тышкы иштерминистринин орун басары, элчи Ахмет Йылдыз катышты.

Эми кезекте  Орто Азия  аймагын кызыктырган бир кабарыбыз бар. Кабардын темасы «Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан чек ара келишимине кол коюшту».

9 -  ноябрда Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан республикаларынын тышкы иштер министрлеринин Самаркант сүйлөшүүсүндө үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен аймак тууралуу үч келишимге кол коюшкандары билдирилди.

Расмий аземде келишимде Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашит Мередовдун жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдүлазиз Мередовдун кол койгондугу белгиленди. Андан мурда эки өлкөнүн чек аралары тууралуу келишимге эки тараптуу форматта кол коюлгандыгы эске салынды. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов бул келишимдин Орто Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн тарыхый мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Андан мурда белгиленгендей Орто Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери «Орто Азия коопсуздугу» деген темадагы жыйынга да катышышты.



Тектеш кабарлар