Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-23

Кипр түрк адабияты

1116898
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-23

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун Кипр түрк адабиятынын жаралышы жана өнүгүшү тууралуу кеп кылып, сөзүбүздү Бекир Кара аттуу жазуучунун “Мына ушундай” аттуу аңгемеси менен улантабыз.  

               Кадырлуу окурмандар, кипр элинин адабияты түрк жана грек адабияты менен өнүккөн бай адабият болуп эсептелет. Кипр аралы 1571-жылы Осмон империясына карагандан кийин азыркы учурда да уланган кипр-түрк адабияты түптөлө баштаган. Үч кылымдык Омсон Империясынын башкаруусунан кийин англиялык баскынчыларга өткөн кипр аралында жашаган түрк элдери бир топ кыйынчылыкка учурайт. Ошону менен бирге кипр-түрк адабиятынын өнүгүшү да басаңдайт. Бул тоскоолдук 1923-жылдагы “Лозан тынчтык” келишиминен кийин кипр аралы биротоло Англияга караган соң дагы да күч алат. 1931-жылы аралдагы гректер түрктөрдөн бөлүнүү максатында Греция менен ымала түзүшөт. Чыккынчылыкка учурап, оор турмушту башынан өткөргөн кипр-түрк калкынын бул коогалуу учуру адабиятында өтө кеңири сүрөттөлгөнүн окуй алабыз. Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин кипр-түрк адабиятында жанданууну көрүүгө болот.  Жаңыдан изденүү дооруу деп аталган 1974-жылдагы Грециялык баскынчыларга кипр-түрк аскерлеринин соккусу менен аяктаган согуш болгон. Мына ошондон баштап аралда тынчтык жана эркиндик орноп, бул адабиятка да өтө чоң таасир алып келет. Мына ошондон баштап ата мекенге, аскерге, эрдикке жана сүйүүгө арналган ар түрдүү ырлар жана чыгармалар эркин жарыялана баштаган.

                        Анда эмесе кипр-түрк адабиятынын жазуучусу Бекир Кара тууралуу айта кетели. Бекир Кара 1945-жылы Кипрда Багзыкара аттуу айылда жарык дүйнөгө келет. Мектепти аяктаган соң Туркиянын Бурса шаарында окуп мекенине кайтып 1994-жылга чейин мугалимдик жана башкаруучулук кызматтарды өтөйт. Мектеп жылдарынан баштап үзгүлтүксүз театр, аңгеме жана роман жазып кипр-түрк адабиятынын катарын толуктап келет. Ал “Үйсүз үйлөнбө” аттуу чыгармасы менен катышкан мамлекеттик театр конкурсунан экинчи орунду, “Йемени” аттуу романы менен катышкан конкурста биринчи орунду багындырган ийгиликке жетишкен жазуучу катары таанылат. Мындан сырткары элдик ырларга кызыгып, топтогон музыкалары азыр да эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп популярдуулуктан түшпөй келет. Кийинки сөзүбүздү жазуучу Бекир Каранын “Мына ушундай” аттуу аңгемеси менен уланталы.

SİNYAL“Мына ушундай” аттуу бул аңгемеде, башкы каарман Мехметтин жашоого болгон көз карашы, мекени жана сүйүүсү үчүн күрөшү баяндалат. Аңгеменин бет ачаарында Мехмет чет элден учуп келе жатканы менен сүрөттөлөт. Ата мекенине келип эне-атасын кубанычка бөлөйт. Анын эне-атасы беш жылдык окуудан кайткан баласын мактанып да, сыймыктанып да бүтпөй сүйүнүчтөрү койнуна батпайт. Ал инженердик окууну бүткөрүп мекенине кайткан эле. Эми мындан кийинки татаал жолу аскердик кызматын ойдогудай аткаруу болот. Ошентип аскерге жөнөчү күн да келет. Ал спортко кызыкан үчүн аскердик кызматты кыйла эле жеңил өткөрүп, алдыңкы деңгээлде кызматын өтөйт. Башынан зээндүү, эмгекчил жана ак көңүл Мехмет жашоосунун кыйынчылык күндөрүндө жол тапкычтыгы менен да окурманды өзүнө тартат. Аскерлик кызматы бүтүп үйүнө кайтып, эми өз кесиби менен жолун улантууну ойлонот. Бирок алдыңкы кадамы мамлекеттик сынактан өтүүсү керек эле. Башынан тырышчаак жана тың болгон үчүн ал сынакты да ийгиликтүү тапшырат. Жыйынтыгы чыгып эми жакшы маанай менен кесип жолун баштаарда дагы бир тоскоолдук чыгат. Мамлекетте анын кесибинде кадр жетиштүү экенин жана аны күтүп туруусун сунушташат. Окуусунун үзүрүн көрөөрдө ушундай тоскоолдук аны муңайтып койбойт. Кара жумуш да болсо иштөөгө даяр туруп ал бир курулуш майданына барат. Албетте, инженер экенин жашырат, анткени кара жумушка албай коюшу да толук ыктымал эле. Ал жерде башкаруучу Али Мехметтин буга чейин кара жумуш аткарбаганын көрүп ишчилердин башында туруп жардам берүүчү кызматка коет. Тез убакытта ишин так аткарган Мехмет башкармага жагып калат. Ошентип мөөнөтүнөн эрте курулуш да бүтөт. Мунун урматына башкарма Али той өткөзүп Мехметке өзгөчө ыраазычылыгын билдирет. Тойго башкарманын Лондондо иштеген айдай сулуу кызы да катышат. Бир көз ирмемде эки жаш бири-бирин жактырып калышат. Ошондон баштап жолугушуп бактылуу күндөрдү бирге өткөрүшөт. Бир күн кыз сунуш киргизип Лондонго бирге учуусун суранат. Бирок Мехмет ата мекени үчүн алыстан билим алып, ушул жерге кызмат өтөйм деп келгенин эстеп баш тартат. Кыз да Лонгонго кайтууга мажбур болот. Анткени анын иши ал жакта эле. Ошентип эки жакка ажыраган эки жүрөк кусалык менен жашоого аргасыз болушат. Бирок көпкө узабай кыз кайтып келет. Мехмет сүйүнүчү койнуна батпай бул жолу кызга чындыкты, англисче мыкты билерин жана инженердин окуусун бүтүргөнүн айтып берет. Буга чексиз кубанган кыз атасына да угузат. Болочок күйөө баласынан биролото көңүлү тынчыган башкарма экөөнүн тоюна ыраазычылыгын билдирет. Мехмет аягында үй-бүлөнүн бактысы бардык нерседен маанилүү экенин аңдайт. Акыры алыстан да мекенге кызмат кылаарын ойлоп жаш жубайы менен Лондонго бактылуу жол тартып кетет.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда кипр-түрк адабиятынан кабардар болдуңуздар. Чыгармага кызыгуу жаралган болсо англис жана түрк тилинде жарыяланган котормолорунан окууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар