Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 46

«Казакстан АСЕЛСАН экспортун кеңейтүүдө»

846898
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 46

Түрк дүйнөсүндө болгон жаңылыктар менен тааныштырган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Казакстандан. Кабардын темасы «Казакстан АСЕЛСАН экспортун кеңейтүүдө».

Казакстан  ASELSAN Engineeringдин башкы директору Тарык Зия Кабоглу Түркиянын тышында биринчи жолу түрк респуликаларынан Өзбекстанга экспорт кылышарын, продукциялардын Өзбекстан армиясы тарабынан сыналгандан кийин экспорттун артарын ойлошкондорун айтты. Казакстан ASELSAN Engineeringдин иш чаралары тууралуу Анадолу агенттигинин кабарчыларына маалымат берген Кабоглу 2011 -  жылы Казакстан менен Түркия биргелеше курган КАЕнин 2013  - жылы декабрь айында 44 миллион долларлык инвестиция менен иш аткара баштагандыгын белгиледи.

Кабоглу Астана эркин экономика аймагында 75 миң метр квадраттык ачык аянтка курулган 8 миң 500 метр квадраттык жабык аянтта орун алган КАЕ заводундагы инвестиция көлөмүнүн 4 жылда 50 миллион долларга чыккандыгын айтты. Стратегиялык жана бир соода мекемеси болгон КАЕнин 10 жылдык иш алып баруу планынын алкагында Казакстанда технологиялык максаттарын ишке ашырышкандарын билдирген Кабоглу : «Белгилеген жол картасынын негизинде электро  -  оптик продукцияларынын  өндүрүлүшү менен бирге аскердик платформалардын модернизациясы да пландалган. Булар Т72 танктары, М17 тик учар модернизация, ИГЛА  төмөндөн учуучу ракеталарынын атуу платформалары, чалгындоону байкоо, пулемет атуу системалары жана стабилизация курал системалары да жол картасына кирди. Даярдаган жол картасы Казакстандын коргоо министрлиги тарабынан бекитилди. Алардын текшерүүсү жана колдоосу менен азыркы учурда проектилерибиз түшүмүн берүү баскычына келди»,- деди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин  2020 стратегиялык максаттарынын Казакстан продукцияларынын өлкө тышына экспорттолушун камтыгандыгын билдирген Кабоглу сөзүн төмөнкүчө улантты : «Казакстандын коргоо, авиация жана космостук  министрлиги бизди бул тууралуу колдоп жатат жана бизге жол ачууда. Бул жылы Өзбекстанда президент Назарбаев да катышкан бир жарманкеге коргонуу продукцияларын алып бардык. Өзбек аскердик бөлүктөрү курал системаларыбызды сынап көрүштү. Андан кийин алардан бир заказ алдык. Түркиянын тышында биринчи жолу түрк республикаларынан Өзбекстанга экспорт кылабыз. Продукцияларыбыздын Өзбекстан армиясы тарабынан сыналышынан кийин экспорттун артаарын ойлоп жатабыз». Фирмада 30 киши инженер, 35 киши оператор жана башкаруу кызматкери болуу менен 96 Казакстан жаранынын итшегендигин билдирген Кабоглу операторлордун баарынын мыкты билим алгандыгын жана абдан тыкандык менен тандалгандыгын айтты.

Кезекте Азербайжандан кабарыбыз бар.

Адана мэри жана Чукурова муниципалитеттери биримдигинин төрагасы Хүсейин Сөзлүнүн жетекчилигиндеги делегация Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү. ЧББ делегациясы жолугушууларынын негизинде Азербайжан шаардык муниципалитеттер биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Азербайжан шаардык муниципалитеттер биримдигинин төрагасы Темраз Тагыйев жыйында ар дайым бардык темада бир тууган өлкө Түркиянын колдоосун алышкандарын айтты.

Адана мэри Сөзлү да Азербайжандын күн өткөн сайын келечекке күчтүү кадамдар менен бара жаткандыгын белгиледи. Сөзлү : «Түркиянын күчү Азербайжандын, Азербайжандын күчү Түркиянын күчү. Кызматташтыгыбызды дагы да өнүктүрүү менен келечекти дагы бекем пайдубалдын үстүндө курууга мажбурбуз. Соода кылбасак, маданий карым – катнаштарды өнүктүрбөсөк түзгөн кызматташтыгыбыз эч бир ишке жарабайт»,- деди. Андан кийин Тагыйев менен Сөзлү ЧББ менен Азербайжан шаардык муниципалиттер биримдигинин ортосундагы кызматташтык протоколуна кол койду.

Сүйүктүү окурмандар, эми кезекте Түркиядан кабарыбыз бар.

Түркмөнстандын Анкарадагы элчиси Ишанкули Аманлыев Карабүк университетинде билим алып жаткан түркмөнстандык студенттер менен жолугушту. Аманлыев теология факультетинин конференция залында сүйлөгөн сөзүндө түркмөнстандык студенттер менен жолугушуудан улам бактылуу болгондугун айтты. Карабүк университетинин мыкты университет экендигин айткан Аманлыев : «Биздин бул жерге келүүбүздөгү максатыбыз  баарыдан мурда силер менен жана Карабүк университети менен таанышуу, ал  - жай сурашуу, өлкөбүздө болгон абалдар тууралуу баяндоо. Айрыкча бул жерде Түркмөнстан жарандары менен студенттерибиз кандай маселелер менен кездешип жатат  буларды билүү»,- деди. Аманлыев студенттерди Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 26 -  жылы менен куттуктады. Карабүк университетинин проректору профессор Али Гүнеш да Карабүк университетинде 358 түркмөнстандык студенттин билим алып жаткандыгын белгилеп : «Түркмөнстандык студенттердин бул жерде билим алышынан бактылуубуз. Биримдик жана бир туугандыгыбыздын бир гана билим берүү менен эле калбастан, андан башка чоң кызматташтыктарга, чоң достуктарга жол ачарынан үмүт кылуудабыз»,- деди.

 

Акыркы болуп Өзбекстандан келген кабарыбыз бар.

 Өзбекстандагы мечиттерде катуу үн чыгаргычтар менен азан айтыла баштады. Өлкөдөгү диний кызматкерлердин 26 -  октябрда Ташкентте ишке өткөргөн жыйынында азандын катуу үн чыгаргыч менен айтышынын күн тартибине келишинен кийин Ташкент башта болуу менен бир топ аймактагы мечиттерде  ишке ашырылды.

Өзбекстан мусулмандары диний башкаруусунан бул тууралуу маалымат берилген жок, бирок жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларда борбор шаар менен бирге өлкөнүн башка аймактарында да азандын катуу үн чыгаруучу менен айтылгандыгы белгиленди.

Эки миңден ашуун мечит болгон Өзбекстанда мындан мурда бир гана Рамазан жана Курман айттарда тараву намаздарында азан айтып жана кураан окуганда гана катуу үн чыгаргыч колдонулчу. Анын тышында азан үнү бир гана мечиттердин ичинде гана угулчу.



Тектеш кабарлар