Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 31

Кыргызстанда 15 - октябрда президенттик шайлоо өткөрүлөт.

782807
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 31

 

Сүйүктүү окурмандар, жума сайын берилчү Түрк дүйнөсүнөн кабарла программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Кыргызстандан. Кыргыз республикасында президенттик үчүн 38 талапкер кайрылды. Кабарга караганда Кыргыз республикасында 15 -  октябрда боло турган президенттик шайлоо үчүн ушул кезге чейин 38 талапкер расмий түрдө кайрылды.

Кыргызстан Борбордук Шайлоо Комиссиясынан берилген маалыматта 15 -  октябрда боло турган шайлоо үчүн сегиз киши партия лидери болгон 38 талапкердин расмий кайрылуусунун кабыл алынгандыгы белгиленди. Кайрылуусу кабыл алынгандардын шайлоо мыйзамы боюнча мындан кийинки процессте өзүн колдогон 30 миң колду тапшырышы, 14 миң доллар төлөшү жана кыргыз тили сынагынан өтүшү керектиги эске салынды.

Кайрылуу процессинин 1 -  августта аяктай тургандыгына көңүл бурулган маалыматта 15 -  сентябрда талапкерлердин катталары жана 15 -  октябрга чейин шайлоо үгүтүнүн улантылары билдирилди.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА Кыргыз республикасынын белгилүү университеттеринен Жусуп Баласагун университетинде Түрк маданий борборунун негизинде иш алып бара турган билим борборун курду. Борборго да клеткаларда зыян тарткан ДНКларды калыбына келтирүү тууралуу эмгектери менен химия тармагында Нобель сыйлыгын алган профессор доктор Азиз Санжардын аты берилди.

ТИКА тарабынан берилген маалыматка караганда борбордун ачылышына Түркиянын Бишкектеги элчиси Метин Кылыч, ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Эврен Рутбил Жусуп Баласагун университетинин ректору Канат Садыков жана көп сандаган басма сөз кызматкери катышты. борбордун ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн элчи Кылыч Санжардын кудум Чыңгыз Айтматов сыяктуу түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу экендигин айтып, Түркиянын болгондой эле Кыргызстандын да Санжардын ийгилиги менен сыймыктангандыгын жана ачылышы аткарылган борборго атынын берилгендигин белгиледи.

Жусуп Баласагун университетинин ректору Садыокв Түркиянын Кыргызстанга берген колдоолорунан улам рахмат айтып, борбордун Кыргызстанда бир алгачкы болгондугун, иш алып бара баштаган системанын студенттерчелик илимпоздорго да пайда алып келерин белгиледи. Лента кесилгенден кийин Түркия менен биринчи байланыш Жусуп Баласагун университетинин билим берүү тармагында кызматташтык түзгөн Сакаря университети менен курулду.

Жусуп Баласагун университетинин студенттери Сакаря университетинин түркчө жана социалдык илимдер билим берүү бөлүмүнүн мугалими доцент Мустафа Алтунга түркчө ырлар менен салам беришти.

ТИКА 2016 -  жылы Жусуп Баласагун университетинин физика, химия жана биология лабораторияларына техникалык жактан жардам берген болчу. Проектинин негизинде Жусуп Баласагун университетинин билим берүү тармагында кызматташтык түзгөн Түркиядагы 9 университет менен орток сабактарды өткөрүү үчүн муктаж болгон технологиялык базисти  түзгөн болчу.

Кезекте маданий кабарыбыз бар.

Түрк дүйнөсүнүн ар башка өлкөлөрүнөн тандалган жаш таланттардан турган ТҮРКСОЙдун жаштар оркестрынын Балкан гастролу башталды.

Түркиянын Анкара шаарында  жолугушуп, 10 күн боюнча ишин уланткан Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия Башкортстан жана Татарстандын жаш таланттары Балкан гастролунун негизинде биринчи концертин Македониянын Скопия шаарында өткөрдү. Шефтер Анвар Акбаров менен Мустафа Мехмандаровдун башкаруусунда дүйнө классикалары менен түрк дүйнөсүнүн композиторлоруна таандык чыгармалар аткарылган концерт көрөрмандардын купулуна толду. Концертке Скопия элчиси Тулин Эркал Кара, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов Азрбайжандын Анкара жана Скопия элчиси Фаиг Багиров, түрк мекемелеринин  өкүлдөрү жана көп сандаган жаран катышты.

Түрк республикаларынын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын 25 -  жылына арналган концертте оркестр репертуарында Азербайжандан композитр Фикрет Амиров Кыргыз республикасынан композитор Сейиталы Медетов Түркмөнстандан композитор Ровшан Непесов, Башкортстандан  композитор Азамат Хасаншин, Татарстандан композитор Алсу Сунгатуллина менен Түркиядан композитор Тургай Эрденердин чыгармалары орун алды. Айрыкча бул жылкы концерттин негизинде оркестрда контрабас өнөрпозу  Казакстандын музыканты Биржан Миңбаеванын «Илигали» аттуу чыгармасынын Македония бет ачары болду.

Концерттин ачылышында сөз сүйлөгөн элчи Кара сүйлөгөн сөзүндө түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу деп аталган ТҮРКСОЙ курулган күндөн бери аткарган иштери менен түрк калктарынын боордоштугун күчтөндүрүү, түрк маданиятын дүйнөгө таанытуу жана келерки урпактарга мурас калтыруу үчүн иштегендигин айтты. ТҮРКСОЙ жаш таланттар оркестрынын бир жумалык Балкан гастролуна чыккандыгын эске салган Кара концертти өткөрүүдөн ыраазы экендигин билдирди.

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов болсо ТҮРКСОЙдун курулушунан бери түрк маданий казынасын коргоо жана келечектеги муундарга өткөрүүдө маанилүү милдеттерин аткаргандыгын билдирди. «Музыка руханий дүйнөбүздү чагылдырган ылхам булагыбыз»,- деген Касеинов Балкан гастролунун негизинде Евлад  - ы Фатихан жеринде болуудан ыраазы экендигин белгиледи. Касеинов концерт менен түрк дүйнөсүнүн музыка мурасынын баарына  маданияттар аралык тынчтык, достук жана диалогдун күчтөнүшүнө салым кошуларына ишенгендигин айтты.

ТҮРКСОЙ жаштар оркестрынын Балкан гастролунун биринчи концерти менен санат сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон жаш таланттар Македониядагы экинчи концертин өлкөнүн эң чоң музыка  - сахна организациясы болгон «Охри Язы» фесивалында берди.

ТҮРКСОЙ жаштар оркестрынын Балкан гастролу Охри шаарындагы концерттен кийин Черногориянын Подгорица, Босния  - Герцеговинанын Сараево жана Мостар, Сербиянын Бельград шаарында улантылууда.



Тектеш кабарлар