Түрк дүйнөсүнөн кабарла - 16

ДЕАШка мүчө болгон жарандардын Казакстан жарандыгынан чыгарылат.

717930
Түрк дүйнөсүнөн кабарла  - 16

Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер. Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Казакстандан. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев террордук уюм ДЕАШка мүчө болгон жарандардын Казакстан жарандыгынан чыгарыларын билдирди.

Президент Назарбаев  МИР 24 телекөрсөтүү каналына берген интервьюсунда өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өлкө тышында кандайдыр бир террордук уюмга мүчө болгон Казакстан  жарандарынын кайрадан өлкөсүнө кайтып келе албай турганыгын белгилеп : «Алар автоматтык түрдө  жарандыктан чыгарылат. Бул мажбур болгон чара. Казакстандан 500 – 600, мурунку советтер союзунан да 5 миңге жакын киши ДЕАШка кошулду»,- деди.

Кишилердин  террордук уюмга кошулбашы үчүн чаралардын көрүлүшү керектигине көңүлдөрдү бурган президент Назарбаев : «Биз ДЕАШтан өлкөгө кайтып келгендерге карата алдына алуучу иштерди аткардык, бирок булар жыйынтык берген жок. Ошондуктан алар үчүн үйгө кайтуу  жолунун жабылышына чечим чыгарылды»,- деди.

Казактандын адилеттик министрлиги өткөн жумада кээ бир кылмыштар үчүн жарандыктан чыгаруу жазасын күткөн мыйзам долбоорун бекиткен.

Казакстандын Анкара элчилигине Абзал Сапарбек уулу дайындалды.

Президент Нурсултан Назарбаевдин Сапарбек уулун Анкара элчиси катары дайындоосуна байланыштуу чечим президенттиктин расмий сайтында жарыяланды.

Окуу жайын Түркияда бүтүргөн Сапарбек уулу ушул күнгө чейин Түрк Кеңешинин баш катчысынын орун басары болуп кызмат кылган.

Эмки кезектеги кабарыбыз Татарстандан. Орусия федерациясына караштуу Татарстандын борбор шаары Казанда «Өзгөргөн дүйнөдөгү түрк элдеринин салттык маданияты» аттуу  1 -  эл аралык илимий конференция өткөрүлдү.

Конференция Татарстан республикасынын маданият министрлигинин колдоосу менен Салттык маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик борбордук жана казак мамлекеттик консерваориясынын уюштуруусу менен өткөрүлдү.

Илимий  жыйындын негизги максаты түрк калктарынын тили, фольклору, этнографиясы, этникалык музыка жана адабият жана тарых тармагында бирдикте социалдык  - маданий жана социалдык  -  саясий өнүгүүнүн актуалдуу маселелерине илимпоздордун көңүлүн буруу деп билдирилди.

Эл аралык илимий иш чарага Алтай, Азербайжан, Башкорстан, Дагестан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан  жана Түркиядан барган илимпоздор Татарстандагы маданий борборлордун жетекчилери, илимий  - изилдөө борборлорунун адистери, университет администраторлору, мугалимдер катышты. Конференцияда түрк калктарынын материалдык жана руханий маданияты, түрк элдеринин улуттук тарыхы жана салттык маданияты, салттык маданиятты изилдөнүн дициплиналык маселелери, түрк тилдерин изилдөөдөгү актуалдуу темалар менен этникалык музыка маселелери сыяктуу беш отурум менен өткөрүлдү.

Конференциянын негизинде  айрыкча түрк элдеринин материалдык болбогон баалууктарына карата тегерек стол жана көргөзмөлөр өткөрүлдү.

Түрк дүйнөсүндө өнүккөн кызматташтыкка үлгү боло турган иш чаранын кабары бар. Кабарыбыз Кыргызстандан.

Түрк Кеңеши Түрк университеттери биримдигинин Орхун процессинин даярдык жыйыны Бишкекте өткөрүлдү. Кыргызстан  - Түркия Манас университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжынын жетекчилигинде жана Түрк Кеңешинин баш катчысынын орун басары, докотр Өмер Кожамандын жетекчилигинде өткөн жыйында Биримдиктин Кыргыз -  Түрк Манас университетинин кезектешкен башкаруучулугунда аткарылган иш чаралар сөз болду.

Орхун тажрыйба алмашуу программасына шайкештик тууралуу Түрк Кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Жыйын учурунда 1 -  Түрк университеттер биримдигинин спорт оюндарынын уюштурулушуна байланыштуу  жагдайлар сөз болуп, оюндардын 15 – 19 -  май күндөрү  Бишкекте  Кыргыз  - Түрк Манас университетинин жетекчилигинде өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

Жыйындын акырында  Түрк университеттери биримдигине мүчө университеттердин арасында Орхун тажрыйба алмашуу программасына байланыштуу эки тараптуу протоколдор жана Түрк кеңеши түрк университеттери биримдигинин Орхун тажрыйба алмашуу программасынын эксперменталдык  башкаруу системасына кол коюлду.

Эми Түркмөнстандан кабарыбыз бар. Түркмөнстанда  ат майрамы 30 -  апрелде майрамдалат.

Түркмөнстанда 1992 -  жылдан бери жыл сайын апрель айынын акыркы жумасында  ат майрамы өткөрүлүп келет. Өзү да абдан мыкты чабандес болгон президент Гурбангули Бердимухаммедов мезгилинде бул темага дагы көп маани берүүдө. Түркмөн лидер ахал текел аттарынын генинин сакталышына жана ат багуучулук маселесине атайын көңүл бурууда.

30 -  апрель жекшемби күнү боло турган Ат майрамынын программасы бул жылы дагы кенен түрдө өткөрүлөт.

26 – 29 -  апрель күндөрү  өлкө тышынан көп сандаган  адис жана мамлекет катыша турган ат багуучулук тууралуу эл аралык бир конференция өткөрүлөт. Бул жумада түрдүү жарманкелер, таанытуу иш чаралары өткөрүлөт. Майрам күнү болгон 30 -  апрелде расмий куттуктоо аземи менен бирге аттуу маратон чуркоосу, түрдүү иш чаралар менен аттардын сулуулук жарышы сыяктуу көп сандаган түрдүү жана кызыктуу иш чаралар өткөрүлөт. Ахал аймагынын Акбугдай районуна курулган «Эл аралык ат карантин борбору» да кызматка ачылат.

Түркмөнстандын аттарга берген баа жана ат маданиятынын таанытылышына карата  эмгектер өлкө тышында да кызыгуу көрө баштады. Катар эмирлиги үй – бүлөсүнүн атынан Шейх Файсал Бин Насыр Ел Тани Түркмөнстанга кат жиберди.  Түркмөн лидер Бердимухаммедовдун бул тууралуу иштерине колдоо беришкендерин белгилеген Ел Тани ат багуучулуктун финансысынан колдонуу жана Ат майрамында  өткөрүлө турган жарыштарда сыйлык берүү үчүн Катар эмирлиги катары Түркмөн аттары мамлекеттик биримдигинин эсебине 500 миң доллар жардам берүүнү сунуш кылды.

Түркмөн аттары мамлекеттик биримдиги мекемеси Түркмөнстандын башкаруу түзүлүшүнүн ичинде  жана түркмөн калкынын арасында «ат министрлиги» катары билинет. Бул жактан алып караганда Түркия дүйнөдө Ат министрлиги болгон бир гана өлкө катары билинүүдө.

Бул жумадагы акыркы кабарыбыз экономика тууралуу.

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү биринчи чейректе артты

Улуттук статистикалык комитетинин төрага орун басары Люксина Текеева өткөргөн пресс - жыйынында жылдын биринчи чейрегине байланыштуу өнөр жай өндүрүшүнүн жыйынтыктарын билдирди.

Текеева өлкөдө бул жылдын биринчи үч айында өнөр жай өндүрүшүнүн өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 35, 9 пайыздык артуу менен 751 миллион 304 миң 376 долларга жеткендигин белгиледи.

Өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүүгө себеп болгон секторлорду металл рудасы, рафинерияланган нефть продукциялары, азык – түлүк жана текстиль деп белгиледи Текеева.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар