Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 15

Казакстандын борбор шаары Астанада Түрк тилдүү өлкөлөрдүн иш кеңеши жыйыны өткөрүлдү

708175
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 15

Урматтуу окурмандар, Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер. Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Казакстандан.

Казакстандын борбор шаары Астанада Түрк тилдүү өлкөлөрдүн иш кеңеши жыйыны өткөрүлдү. Казакстандын «Ата мекен» улуттук иш жана соода мекемеси уюштурган иш чарага Азербайжан, Түркия жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Жыйында Түркия менен Казакстандын ортосунда орток соода жана өнөр жай мекеменинин курулушу үчүн келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимдин Казакстанга Кара деңиз жолунан бир гана чийки зат эле эмес, башка продукциялардын экспортунун жасалышы да белгиленди.

Ачылуу сөзүн сүйлөгөн «Ата мекен» мекемесинин жетекчиси Абылай Мурзахметов бул келишим жана проектиге Азербайжан менен Кыргызстандын да кошулушун каалашкандыгын жана мындай иш чаранын таасирдүү платформа боло аларын баса белгиледи. Жыйынга Түркиядан ТОББдун төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, Азербайжандан ишкерлер улуттук конференциясынын төрагасы Мамед Мусаев, Кыргызстандан соода жана өнөр жай мекемесинин төрагасы Марат Шашекеевдин жетекчилигиндеги делегациялар катышты. Бул кеңешке Өзбекстандын да катышуусу күтүлүүдө.

Азербайжанда 12 – 22 -  майда өткөрүлө турган 4 -  Ислам тилектештик оюндары тууралуу «Каспийден башталган суу саякаты» аттуу иш чара башталды. Президент Илхам Алиев, президенттиктин биринчи орун басары Михрибан Алиева, Сауд Аравиянын улуттук олимпиада комитетинин төрагасы жана Ислам тилектештик оюндары федерациясынын төрагасы Абдуллах бин Мосаад бин Абдүлазиз Ел Сууд менен ага мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери катышкан иш чарага Түркиядан жаштык жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч катышты.

Президент Алиев иш чарада сүйлөгөн сөзүндө бир айдан кийин 57 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчунун Азербайжанда жарышарын билдирди. Бардык конокторду тосуп алууга даяр экендерин жана аларды чыдамсыздык менен  күтүп жатышкандарын айткан Алиев 57 өлкө катыша турган исламдык тилектештик оюндары тарыхында рекорд болгондугун белгиледи.

2017 -  жылдын Азербайжанда «Ислам тилектештик жылы» деп жарыялангандыгын эске салган Алиев : «Бул бардык мусулман өлкөлөрүн бири бири менен дагы да бекем байланыштыруу үчүн биз тараптан ортого салынган  аракет. Бүгүн мусулман өлкөлөрү биримдик жана тилектештик ичинде болушу керек. Биз Бакуда бүткүл дүйнөгө ислам ааламынын биримдик ичинде  экендигин көрсөтөбүз. Биздин биримдигибиз күчүбүздү арттырат»,- деди.

Ислам тилектештик оюндарынын символунун суу экендигин айткан Алиев : «Суу өмүрдүн булагы. Азербайжан  табигый кооздуктарга бай өлкө. Кооз көлдөрүбүз, дарыяларыбыз, шаркыратмаларыбыз, Каспий деңизибиз бар. Бүгүн Каспий жээгинен өлкөбүздүн түрдүү жактарына саякат башталды»,- деди. Андан кийин Алиев Каспий алынган сууну өздөрү менен алып баруулары үчүн Азербайжандын түрдүү аймактарынан келген балдарга берди. Жезден жасалган суу идиштери, өлкөнүн көлдөрү, дарыялары, суу шаркыратмалары  кыдырылып көрүлөт. Бул жерден алынган суулар ислам тилектештик оюндарынын ачылыш аземине алып келинет.

Түрк аба жолдорунан Казанга дагы бир түз учуу. Түркия менен Орусия федерациясынын ортосунда калыбына келүү кадамдары биринчи чоң таасирин туризмде көрсөттү. Орусия жарандары жакындап келе жаткан сезон менен бирге Түркияны кайрадан туризмде биринчи орунга чыгарууга даярданып, Стамбулга болгон кызыгуунун кайрадан артуусу менен дагы көп турист ташуу үчүн түрк аба жолдору да  аракетке өттү. Түрк аба жолдору Стамбул -   Казан -  Стамбул каттамдарынын санын көбөйттү. Түрк аба жолдору азыркы учурда жумада үч жолу каттам санын 26 -  марттан баштап төрткө, 29 -  майдан баштап бешке чыгарат. Ушундайча Стамбул  -  Казан ортосунда транспорт дагы да оңойлошот. Ошол эле учурда виза мажбурлугуна карабастан Казанга барган түрк жарандарынын санында өсүүнүн болушу күтүлүүдө.

Акыркы кабарыбыз Түркмөнстандан. Түркмөнстандын президенти 12 -  апрель күнү Казакстанга расмий сапар менен барат.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовдун Казакстанга расмий сапар менен келерин билдирди. Казак миниср Кайрат Абдрахманов Казакстандагы чет өлкөлөрдүн элчилерине өлкөнүн дыйканчылык тармагында ишке ашырган программаларды таанытуу жыйынында буларды айтты: «Өзбекстандын президентинин Казакстан сапары абдан ийгиликтүү болду. Кечээ эле Нурсултан Назарбеав Бакуга сапар менен барды. Эми  Түркмөнстандын президенти Казакстанга расмий сапар менен келет». Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедовдун 12 -  апрелде Казакстанга расмий сапар менен барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар