Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 12

2017 -  жылдын «Түрк тилинин жылы» деп жарыяланары билдирилди

698755
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 12

Урматтуу окурмандар, жумалык берилүүчү Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Бүгүн Нооруз майрамы! Орто Азиядан Балкандарга чейин кенен аймакта  майрамдалган Нооруз майрамы ар бири улуттун өз маданий баалуулуктары менен шайкеш келип, жаздын келиши менен майрамдалган күн. Табияттын ойгонушу менен майрамдалган Нооруз майрамынын Анадолуда жана түрк маданияты жайылган аймактарда да абдан терең жана бай өтмүшү бар. «Нев» жаңы «руз» күн деген сөздөрдүн биригиши менен  Жаңы Күн деген мааниге келген Нооруз түндүк жарым шарда башта түрктөр болуу менен бир топ эл жана коом тарабынан жаңы жыл катары майрамдалат.

Түн менен күн теңдешкен 21 -  мартта күн көчмөн куштар сыяктуу түндүк жарым шарга багыт алат. 21 -  март менен бирдикте күн жылып,  кар ээрип, дарактар бүчүр алып, көчмөн куштар кайтып келе баштайт. Ушул себеп менен 21 -  мартта бардык жандыктар үчүн ойгонуу, тирилүү жана жаратылыш күнү катары кабыл алынып, Нооруз башкача айтканда жаңы күн майрам деген ат менен майрамдалат. Түн менен күн теңдешкен 22 -  мартта руми 9 -  март күнүнө туш келүүдө. Невруз  -  и Султани, Султан Невруз, Султан Навруз, Наврыз, Марттын тогузу деген аттар менен да аталат.

12 жаныбар түрк календарында болгондой түрктөрдө да абдан эскиден бери билинип келет жана аземдер менен майрамдалууда. Түрктөрдө Нооруз тууралуу айтылган сөз  бул күндүн  кутулуу күнү катары кабыл алынышы. Тактап айтканда Эргонокондон чыгуу. Ушул себеп менен бүгүн түрктөрдө Нооруз, жаңы жылдын башталышы катары кабыл алынып жана ушул күнгө чейин майрам катары белгиленип келген. Орто Азиядагы түрк коомдорунан Азербайжан, казак, кыргыз, түркмөн, өзбек, татар, уйгур түрктөрү, Анадолу түрктөрү жана Балкан түрктөрү Нооруз салтын жашатып келишүүдө.

Кезекте Түркиядан кабарыбыз бар. 2017 -  жылы «Түрк тилинин жылы» деп белгиленет. Президент Р. Т. Эрдогандын башчылыгында жүргүзүлө турган кампания менен 2017 -  жылдын «Түрк тилинин жылы» деп жарыяланары билдирилди.

Вице – премьер Тугрул Түркештин берген маалыматында миңдеген жылдык тектүү тарыхка ээ болгон жана дүйнөнүн саналуу тилдеринин бири болгон түрк тилилинин  акыркы бир канча кылымдагы  өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жашаган терстиктер жана буларды чечүү жолдоруна коомчулуктун көңүлүн буруу максатында 2017 – жылдын «Түрк тили жылы» деп жарыяланышына чечим чыгарылгандыгы белгиленди. Маалыматка караганда Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемеси менен Түрк тил курумунун жол башчылыгында бир жыл боюнча өткөрүлө турган иш чаралар «Тилибиз күбөлүгүбүз» деген темада жүргүзүлөт.

Кампаниянын негизинде бул жылы башта коомдук мекемелер болуу менен менчик сектор, жарандык коом мекемелери жана басма сөз органдары тарабынан түркчөнүн туура колдонулушу тууралуу эмгектердин жүргүзүлүшү, көп санда билим, маданий иш чаралардын  өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Социалдык медадагы түркчөнү колдонуу да карала турган кампания менен 2017 – жылдын «Түрк тилинин жылы» деп жарыяланышы менен түркчөнүн туура колдонулушу, иш жерлеринин аттарында кездешилген тилдин бузулушун алдына алуу, социалдык  медиада колдонулган туура эмес түркчө ортого чыгарган терстиктердин жоюлушу максат кылынууда.

Аткарыла турган эмгектер менен айрыкча коомчулукта тектүү бир тил аң – сезиминин жана сезимталдуулугунун пайда болушу жана жайгаштырылышы үчүн коомдук мекемелер тарабынан  жалпы Түркияда түрдүү маданий, өнөр жана илимий иш чаралар өткөрүлөт. Коомдун өзгөчө да жаштар менен басма сөз органдарынын түрк тилинин ордунда, туура, эрежелерине ылайык колдонушулушунун мааниси тууралуу маалыматтар берилет.

Акыркы кабарыбыз Түркмөнстандан.

Түркмөнстан Ахал текел аттары үчүн ЮНЕСКОго кайрыла турган Түркмөнстан Ахал текел аттарынын ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине алынышы үчүн кайрылууга даярданууда. Түркмөндөр үчүн ат абдан маанилүү. Түркмөнстандын Ахал текел аттары да дүйнөнүн эң белгилүү сулуу аттары.

Түркмөн аттары мамлекеттик биримдиги Ахат текел аттарынын генинин сакталышы, жетиштирүү жана чабандестиктин өнүктүрүлүшү боюнча иштерин жүргүзүүдө жана дүйнөнүн министрлик деңгээлинде аттар тууралуу бир гана мекеме. Түркмөнстан бул кооз Ахал текел аттарынын ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилиши үчүн иштер баштатылууда. Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарына караганда биринчи этапта Ахал текел аттары тууралуу каталог түзүүгө чечим чыгарылды. Каталог түзүүдө аттардын жалпы өзгөчөлүктөрү жана теги тууралуу кенен маалыматтар орун алат. Түркмөн аттары тууралуу маанилүү бир маалымат булагы боло турган эмгек кийинки баскычта эл аралык уюмдар менен жана дүйнөлүк коомдук пикир менен бөлүшөт.  Каталогдо Ахал текел аттарынын генинин сакталышында түркмөн калкынын ролу жана аракети ат багуучулуктун жана аттар тууралуу улуттук салттардын  сакталышы менен өнүктүрүлүшү үчүн Түркмөнстан өкмөтү тарабынан көрүлгөн чаралар жана жасалган эмгектер чагылдырылат. Бул бардык эмгектердин акырында  Ахал Текел аттарынын ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилиши үчүн кайрылуу болот. Президент Гурбангули Бердимухаммедовдун 2007 – жылы кызматын баштагандан кийин Түркмөнстанда ат багуучулуктун өнүктүрүлүшү, тийиштүү мекемелердин күчтөндүрүлүшү, эл аралык стандарттарда заманбап атчылык комплектеринин курулушуна маани берилип жана Ахал текел аттарынын генинин сакталышына карата илимий эмгектер жасалууда.

Акыркы болуп Ахал текел аттарынан бирөөсү президент Бердимухаммедов тарабынан Түркмөнстанга расмий сапар менен барган Өзбекстандын президенти Мирзиеевге белек кылынды. Түркмөнстанда жыл сайын апрель айынын акыркы жекшемби күнү «Ат майрамы» өткөрүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар