Азербайжан: "Армения аймактагы кырдаалды курчутууда"

Армения армиясынын Басаргечер облусунун Зод отурукташуу багытынан Азербайжан армиясынын позицияларына ар түрдүү калибрдеги куралдар, минометтор, артиллерия жана камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салганы кабарланды.

2031936
Азербайжан: "Армения аймактагы кырдаалды курчутууда"

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Армения армиясынын чек арадагы азербайжан позицияларын аткылап, аймактагы абалды курчутуп жатканын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Армения армиясынын Басаргечер облусунун Зод отурукташуу багытынан Азербайжан армиясынын позицияларына ар түрдүү калибрдеги куралдар, минометтор, артиллерия жана камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салганы кабарланды.

Билдирүүдө Армениянын бул кол салуулар менен аймактагы абалды курчутканы маалымдалды.

Армян армиясынын аталган аймакка кошумча согуштук техника жана персонал жибергени камтылган билдирүүдө, армян тараптын провокацияларга негиз даярдоо максатында жалган маалымат менен эл аралык коомчулукта туура эмес пикир жаратууга аракет кылганы белгиленди.

Билдирүүдө чыңалуунун жана анын кесепеттери үчүн бардык жоопкерчиликтин Армениянын аскердик жана саясий администрациясына жүктөлөрү айтылды.

Бир тараптан Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Армениянын кол салууларын айыптады.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Армения тараптын өлкө ичиндеги курч саясий жана социалдык кырдаалды башка багытка  буруу, ошондой эле эл аралык коомчулукту адаштыруу максатында жасаган мындай аракеттери эл аралык коомчулук тарабынан четке кагылышы жана айыпталышы керек», деген сөздөр камтылды.

Армян армиясынын чек арадагы азербайжан позицияларына ок атуусунун натыйжасында азербайжандык үч аскер жараланып, Азербайжан армиясы жооп кайтарган.

Армян басма сөзүндө болсо кагылышууда 2 армян аскеринин каза болгондугу кабарланган.



Тектеш кабарлар