Түрк басма сөзү 5.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1875673
Түрк басма сөзү 5.09.2022

«Хүррийет» гезити «Грециядан Эгейде жаңы провокация» аттуу кабарында Греция өткөн жылы Түркиянын аба мейкиндигине жана аймактык сууларына карата жалпысынан 1616 мыйзам бузуу жана кысым кылган болсо, быйылкы жылдын сегиз айында бул көрсөткүчтүн 1123кө жеткенин билдирген. Түрк учактары 14 башка окуяда 3 миң 372 секунд радар кулпусу менен кысымга алынды.

«Сабах» гезити «Босниянын лидери Жаферовичтин президент Эрдоганга мактоо сөздөрү» аттуу маалыматында Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрагасы Шефик Жаферович, президент Режеп Таййип Эрдогандын 6-сентябрдагы Босния-Герцеговина расмий сапарынын маанисине көңүлдөрдү буруп: «Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнашты арттыруу жагынан маанилүү. Президент Эрдогандын Босния-Герцеговинага жана аймакка болгон ар бир сапарынын тынчтандыруучу жана тең салмактуу таасири бар»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түрк коргоо өнөр жайынын Европага сапары» аттуу кабарында Түрк коргоо өнөр жай ишканалары, Борбордук жана Чыгыш Европанын эң ири аскердик жарманкеси MSPO-2022ге бара турганын билдирген. 6-9-сентябрь күндөрү Польшанын Кильце шаарында өтө турган жарманкеге Түркия экинчи жолу «Лидер өлкө» катары катышат.

«Хабер түрк» гезити «Коняда түрк тарыхына жарык бере турган ачылыш» аттуу маалыматында Коньядагы байыркы Саватра шаарындагы казууларда Исламга чейинки түрк тарыхына таандык биринчи жолу «түрк» деген сөздү камтыган жана рун алфавитинде «Түркоглу» деп жазылган жазуу табылганын билдирген. Биздин замандын 10-11-кылымдарына таандык жазуунун түрктөрдүн 1071-жылга чейин Анадолуда болгондугунун далили экени айтылды.

«Йени шафак» гезити «Памуккалеге келгендердин саны 64 пайызга өстү» аттуу кабарында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Памуккаледе 8 айдагы зыяратчылардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 64 пайыздык өсүү менен 1 миллион 285 миң 990го жеткенин жазган.



Тектеш кабарлар