Түрк басма сөзү  08.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1043597
Түрк басма сөзү  08.09.2018

«Хүррийет» гезити «Кыргын болот» деген маалыматында Кыргызстандан кайтып жатып маанилүү маалыматтарды берген президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб аймагына карата кыймыл тууралуу : «Идлибге ракета жаап жаткан болсо ал жерде чоң бир кыргын болушу мүмкүн»,- деп эскерткендигин жазган. Эрдоган : «Идлибде аёсуз бир процессти жүргүзүп жатышат. Ал жерде 3 жарым миллион киши бар. Бул апаат боло турган болсо бул кишилердин биринчи кача турган жерлери дагы Түркия»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Десанттар Икийакада террористтерге карата абдан чоң сокку урду» деген кабарында Ирак чек арасында террористтер тарабынан «киреле албайт» деп мүнөздөлгөн Икийака тоолорунда операцияларын үзгүлтүксүз жүргүзүп жаткан коопсуздук күчтөрү үч жумада 16 террористти жок кылды. Десанттар ПКК жикчил террордук уюмдун аймактагы түзүлүшүнө чоң сокку урду.

«Стар» гезити «Эки грек аскери Түркия тарабына мыйзам тышы жол менен киргендерин моюнга алышты» деген маалыматында Грек медиасынан берилген маалыматтарга караганда Эдирнеде 5 жарым ай камоодо болгон 2 грек аскери  базалары тарабынан тергөөгө алынгандыгын билдирген. Эки аскер да Түркия тарабына мыйзам тышы жолдор менен киргендигин кабыл алды.

«Сабах» гезити «АСЕЛСАН Кипрге база куруп жатат» деген маалыматында Түрк коргонуу өнөр жайынын лидер курулушу АСЕЛСАН Түндүк Кипр Түрк Республикасына Ар – Ге башкача айтканда изилде  - өнүктүр жана тест борборун курарын жазган. 1974 -  жылы Кипр Тынчтык Кыймылында Түркияга жасалган эмбаргонун натыйжасында жергиликтүү курал өнөр жайын өнүктүрүү үчүн курулган АСЕЛСАН ушундайча Кипрге болгон карызын да төлөйт.

«Ватан» гезити «Трусит агымы! Бул жер бир бейиш» деген кабарында Денизлинин апапак бейиши Памуккаледе биздин замандын 60 – жылында жер титирөө менен пайда болгон жана Египет ханышасы Клеопатранын да жуунган жери катары айтылган Клеопатра бассейни аймакка келген туристтердин сүйүктүү жери болду. Ичиндеги тарыхый калдыктардын арасында сүзгөн туристтер ысык жана шыпаалуу экендиги айтылган суунун ырахатын чыгарышууда.



Тектеш кабарлар