Түрк басма сөзү 18.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1014570
Түрк басма сөзү 18.07.2018

«Сабах» гезити «Трамп Эрдогандын өз ишин туура иш кылып жатканын айтты» деген маалыматында өткөн жумада Бельгиянын борбор шаары Брюсселде АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринен коргонууга дагы көбүрөөк каражат сарптоого байланыштуу милдеттенме ала албагандыгын билдирген. Анда бардыгына каарданган Трамп жалгыз гана президент Эрдоганды кошкон жок. Ага карап: «Эрдоган гана ишин туура кылууда»,-деди.

«Стар» гезити «Аскердик учак «Хүржет» Англияда биринчи жолу дүйнөгө таанытылды» аттуу маалыматында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы тарабынан Реактивдүү учактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында долбоорлонгон Хүржет, Англиядагы Фарнборо Эйршоудогу таанытууда чоң кызыгуу жаратканын билдирген.

«Сабах» гезити «Туруктуулукту көргөн чет өлкөлүк инвесторлор турак жай алууга келди» деген маалыматында Түркияны коопсуз порт катары эсептеген чет өлкөлүк инвесторлор кайрадан турак жай сатып ала баштагандарын билдирген. Июнь айынын көрсөткүчтөрүнө караганда бренддүү турак жай долбоорлорунун 10 пайызы чет өлкөлүк инвесторлорго сатылды.

«Ватан» гезити «Капыкуледе жүргүнчү рекорду коюлду» аттуу маалыматында Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган түрктөрдүн отпускалык эс алуусун өткөрүү үчүн өз мекенине кайтуулар уланып жатканда, Капыкуле чек ара бекетинен 37 миң 138 жүргүнчү өтүп бардык мезгилдердин рекордун койгонун билдирген.

«Йени шафак» гезити «Кандуу Айдын тутулушу эң так Түркияда көрүнөт» деген маалыматында «Кандуу Айдын тутулушу Түркияда 27-июль күнү кечинде саат 20.10до башатала турганын билдирген. Айдын тутулушу 5 саат 40 мүнөткө созулат.



Тектеш кабарлар