Түрк басма сөзү 16.07.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1013044
Түрк басма сөзү 16.07.2018

«Хүррийет» гезити «Пенсильванияда каргыш тийгир баккан осьминогдун колдорун кестик» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын 15 -  июль шейиттер көпүрөсүндө : «Пенсильванияда каргыш тийгир баккан осьминогдун колун кестик муну баары билсин»,- деп айтандыгын билдирген. Эрдоган : «Фетуллахчы террордук уюм жана параллель  мамлекеттик түзүмдүн  акыркы чыккынчысы эсеп бергенген чейин күрөшүбүздү улантабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Учкучсуз унаа аппараты 2023 -  жылы көк жүзүндө» деген маалыматында Түркия алдыңкы технология продукциясы учкучсуз унаа аппараты үчүн алгачкы кадамды таштагандыгын жазган. Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарында орун алган, дүйнөнүн эң мыктысы деп  кабыл алынган учкучсуз унаа аппараттары 2023 -  жылы учат.

«Стар» гезити «Өсүү ылдамдады, инвестиция токтогон жок» деген кабарында түрк экономикасы 2016 -  жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылына карабастан 2 жылда ылдам өзүнө келип, дүйнөгө күчүн көрсөткөндүгүн билдирген. Түркия жетишкен өсүү сандары менен дүйнөнү таң калтырды жана улантууга боло турган өнүгүү жолунда чоң проектилерге кол койду.

«Хабер түрк» гезити «Бардык убактардын рекорду келди» деген кабарында Антальяга 14 -  июлдан баштап жылдын башынан бери  шаарга келген турист саны 5 миллион 832 миң 894 болгондугун жазган. Бул сандар менен шаарда бардык убактардын рекордуна жетишилди.

«Ватан» гезити «Кыркпынарда башкы балбан белгилүү болду» деген маалыматында Эдирнеде бул жылы 657 – өткөрүлгөн Тарыхый Кыркпынар майлуу күрөшүндө финалда атаандашы Шабан Йылмазды жеңген Орхан Окулу баш балбандыкка ээ болду.



Тектеш кабарлар