Түрк басма сөзү 19.06.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

755326
Түрк басма сөзү 19.06.2017

«Ватан» гезити «Париж авиа шоуда Түркия таанытылат» деген маалыматында дүйнөдөгү эң ири авиация жана космостук жарманке Paris Air Show, эртең каалгаларын «Ле Бурже» аэропортунда ача турганын билдирген. Авиация өнөр жайындагы акыркы өнүгүүлөр көрсөтүлө турган жарманкеде быйыл Түрк авиация өнөр жайы (TAI ) таанытылат. Түркия өзү долбоорлогон учактарын Париждеги жарманкеде эл назарына коет. Жарманкеде Түрк авиация өнөр жайы тарабынан долбоорлонуп чыгарылган «Хүркүш» учагы асманга учуп жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт. Ошондой эле эмдиги жылы ишке кире турган 12 орундуу, 6 тонна салмактагы, жарандык жана аскерлердик максатта колдонула турган Т625 үлгүсүндөгү тик учар да көрсөтүлөт. Түрк авиация өнөр жайынын Т129 АТАК жана куралдуу учкучсуз учагы АНКА-S да статикалык аянтта таанытылат.

«Хабер түрк» гезити «АКШ менен Түркиянын ортосунда Ф-35 келишими» деген маалыматында Түркия да арасында болгон 11 өлкө кеминде 440 даана аскердик Ф-35 учагын сатып алуу үчүн макулдашкандарын билдирген. 37 миллиард доллардык наркта болушу күтүлгөн келишимдин рекорд жаратканы белгиленди. 2006-жылдан бери чыгарылып келе жаткан учактар акыркы технолгия менен жабдылышы жана жаңыланган абалы менен эртең Парижде ачыла турган авиация жарманкесинде көрсөтүлөт. Өткөн жумада Ф-35 учактарын сатып алуу үчүн 11 өлкөнүн жооптуу кызматкерлери АКШнын Мэриленд штатынын Балтимор шаарына чогулуп жана Ф-35 согуштук учактарына шаймандарды өндүргөн Нортроп-Грумман ишканасында иликтөөлөрдү жүргүзүшүп шарттарын сүйлөшкөн болчу. Арасында Түркиянын да өкүлү болгон өлкөлөр Австралия, Дания, Израиль, Италия, Япония, Нидерландия, Түштүк Корея, Англия жана АКШ.

«Стар» гезити «Түрк аскери Катар армиясы менен биргелешкен машыгуу өткөрөт» деген маалыматында Түркия менен Катардын ортосундагы келишимге ылайык Катарга жөнөгөн түрк аскерлеринин аймакка жеткенин билдирген. Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Йемен сыяктуу араб өлкөлөрү Катар менен болгон бардык карым-катнаштарын токтотуп жана Катарга айрым санкцияларды киргизишкен. Бул билдирүүлөрдөн кийин Түркия Улуу Улуттук жыйынында өткөрүлгөн добушка салуу менен Катарга аскер жөнөтүлүшү бекитилген болчу.

«Сабах» гезити «Жардам кемеси Газага жөнөдү» деген маалыматында Израиль тарабынан басылып алынган Газага 10 миң 600 тонналык жардамды жеткире турган «Acqua Stella» аттуу кеме кечээ сапар тартканын билдирген. Анда азык-түлүк менен катар палестиналык балдарга оюнчук, велосипед жана майрамдык кийимдер бар.

«Йени шафак» гезити «Данияда Исламды роза гүлдөрү менен түшүндүрүштү» деген маалыматында Даниядагы Ислам коомчулуктары уюмунун жаштар бөлүмү, борбор шаар Копенгагенде «Мен мусулманмын» деген иш-чара уюштурганын билдирген. Медиада орун алган Ислам жана мусулмандарга каршы терс көз караштарды жоюуну каалаган жаштар, роза гүлүн таркатып даниялыктарга Исламды жана мусулмандарды түшүндүрүштү.



Тектеш кабарлар