Түрк басма сөзү 23.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2143087
Түрк басма сөзү 23.05.2024

«Ватан» гезити «Эрдоган: Израиль 76 жылдан бери кан төгүүдө» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин 76 жылдан бери палестиналыктардын канын төгүп келе жатканын, Палестина элинин жерлерин ачыктан-ачык басып алганын, эл аралык укукту тааныбаганын ар бир жолу ачык көрсөткөнүн айтканын жазган. Эрдоган: «Геноцид кылгандар жоопко тартылышы керек»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия Палестинанын таанылышына ыраазы» аттуу маалыматында Ирландиянын жарыясынан кийин Норвегия менен Испаниянын да Палестина мамлекетин тааный турганын жарыялашканын жазган. Норвегиянын премьер-министри эки мамлекеттүү чечимдин жалгыз чечим экенин баса белгиледи. Палестина менен Түркия бул чечимге канааттанганын билдиришти.

«Стар» гезити «Байрактар ​​TB2нин Польшага жеткирилиши АКШда кеңири чагылдырылды» аттуу кабарында Түркиянын Польшага Байрактар ​​TB2 үлгүсүндөгү 24 даана куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты тапшырып бүтүшүнүн Америка Кошмо Штаттарынын күн тартибине айланганын жазган. Америкалык басылмалар Байрактар ​​TB2нин Польшаны НАТОдо учкучсуз аппарат борборуна айландырганын баяндашты.

«Хүррийет» гезити «Түркия Togg менен автоунаа гиганттарын оозуп өттү» аттуу маалыматында Түркиянын ата мекендик жана улуттук унаасы Togg менен ылдам өнүгүп жаткан түрк унаа өнөр жайы Франциянын AFP кабар агенттигинин көңүлүн бурганын жазган. Кабар агенттиги Түркиянын электр унаа рынок көлөмүнүн Togg сатуулары менен автоунаа гиганты өлкөлөрү Италия менен Испанияны да оозуп өткөнүн белгиледи. Ошондой эле Toggдун биринчи жылында Teslaдан көбүрөөк өндүргөнү айтылды.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөнүн эң туристтик шаарлары» аттуу кабарында Лондондогу Euromonitor рынок изилдөө компаниясы дүйнөнүн эң туристтик шаарларын жарыялаганын жазган. Шаарлардын түрдүү өзгөчөлүктөрү эске алынып даярдалган тизмеде Түркиядан Стамбул, Анталья жана Мугла да орун алды.



Тектеш кабарлар