Түрк басма сөзү-28.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

700890
Түрк басма сөзү-28.03.2017

«Стар» гезити «Демократия Түркияга баш калкалады» аттуу маалыматында президенттиктин башкы кеңешчиси Мехмет Учумдун дүйнөдө жана Түркияда демократия жана глобалдык капитал байланышы боюнча жаңы системаны талкуулап: «Батыш демократиялары капиталдын текшерүүсүндөгү мамлекеттердин себебинен өнүккөн коомчулуктар боюнча курулду. Экономикалык процесстерге абдан көз каранды демократия маданияты түзүлдү. Өлөсөлүү демократия түшүнүгү келип чыкты. Башкача айтканда өнүккөн коомчулугу бузулган сайын демократиясы жана демократиялык маданияты начарлоодо. Кудум эле демократиялык шыбак төгүлүп, астынан жикчилдик, чет элдик душмандыгы, фашисттик ишке ашыруулар чыгууда. Түркияда болсо демократия маданиятын экономикалык өнүгүү аркылуу эмес коомчулуктун өзүн айтуусу аркылуу өнүккөнү үчүн уюткусу абдан күчтүү демократиялык маданиятка ээ. Түркияда мындан ары да мыйзамдуу деп эсептеле турган жалгыз саясат түздөн-түз элге таянган саясат болот»,деп баса белгилегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Дөө-шаалар Түркия үчүн кызматта» аттуу маалыматында Түркия үчүн Түркияда ишин жүргүзгөн ири фирмалар иш-аракетке өткөнүн маалымдаган. Экономика министрлигинин жол башчылыгында Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалары биримдиги (TOBB) менен Түркия экспортчулар ассамблеясынын кызматташуусунда башталган жаңы демилге аркылуу «Түркиянын достору Түркияны түшүндүрөт». Германия, АКШ, Англия, Франция, Италия, Орусия жана Бирикен Араб Эмирликтеринде баштала турган демилгеге Түркияда көп жылдардан бери инвестицисы болгон General Electric, Сбербанк, Fiat, Ford, Danone, Hyundai, Novartis, Vodafone сыяктуу фирмалардын жетекчилери жана жогорку башкаруучулары «Түркияга ишен, коопсуздугун көр жана пайда тап»,-деп айтышат.

«Хабер түрк» гезити «Желдетүүдө максат 39 миллиард доллар» деген кабарында Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигинин (TOBB) желдетүү боюнча кеңешинин отчетуна караганда Түркиянын желдеткич сектору 12 миллиард доллардык чоңдукка жетип 450 миллиард доллардык дүйнөлүк желдеткич секторунда 22-орунду ээлегенин жазган. 2023-жылы 15 өлкөнүн арасына кирүүнү максаттаган сектор 39 миллиард долдардык чоңдукка жетүүнү көздөп турат.

«Ватан» гезити «Мрамор экспортчулары 3,4 миллиард доллардык АКШ базарына багыт алды» деген маалыматында Түрк мраморчулар 3,4 миллиард доллардык АКШ базары үчүн иш-аракетин баштаганын жазган. Стамбулдун кен экспортчулары биримдиги 4-7-апрель күндөрүнүн арасында Орлондодо өтө турган Coverings жарманкесине 80 фирма менен улуттук катышуу камсыздалат.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдорунда күтүлбөгөн демөөрчүлүк» деген маалыматында Түрк аба жолдору АКШнын Индианаполис штатына караштуу футбол командасы Indy Elevenге демөөрчү болгонун жазган. Indy Eleven менен Түрк аба жолдорунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Түрк аба жолдору клубунун расмий эл аралык ташуучусу болот. Келишим менен Түрк аба жолдору, Indy Eleven командасынын жергиликтүү же чет өлкөлүк аба жолу категорияларында алгачкы мекемелик өнөктөшү болду.



Тектеш кабарлар